Филология факультети

Дүйнөнү тааныгың келсе- тил үйрөн.

Филология факультети 1999-жылы уюшулган. Филология факультетинин билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү филология, журналистика жаатындагы адистерди даярдоого багытталган. Иштеп жаткан мезгилден бери кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, араб тили, корей тили, кытай тили боюнча көптөгөн кесипкөй адистерди даярдап чыгарды. Азыркы күндө Нарын облусунун бардык мектептеринде факультеттин бүтүрүүчүлөрү - кыргыз тилчи, англис тилчи, орус тилчи адистер эмгектенишет.

Бүгүнкү күндө факультеттин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын, Казакстандын, Россия Федерациясынынбилим берүү мекемелеринде, массалык маалымдоо каражаттарында, басмаканаларда жана өлкөбүздөгү түрдүү эл аралык уюмдарда эмгектенишет. Бул болсо факультет эл чарбасына керектүү, заманга ылайык кадрларды даярдап жатканын күбөлөндүрөт.

Факультеттин деканы; филология илимдеринин кандидаты

Таштанкулова Женишкүл Жээнчороевна

Факультет Кыргыз Республикасынын алдыңкы илимий мекемелери, жогорку окуу жайлары: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз билим берүү академиясы, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Х. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, Кыргыз-түрк Манас университети, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы чыгыш университети; чет элдик жогорку окуу жайлар: Түркиянын Гедиз мамлекеттик университети, Ялова университети, Синоп мамлекеттик университети, Түштүк Кореянын Сан-Лин колледжи, Кытай Эл Республикасынын Синцзянь педагогикалык университети, Германиянын Вайенштефан университети, Тюнен институту, Берлин эркин университети, Роберт Бош атындагы фондусу менен илимий-практикалык кызматташтык жүргүзөт.