2017−2018-окуу жылына карата

1. 21−22-сентябрь 2017-жылы «Ыйман, адеп жана маданият» жылына жана Нарын шаарынын 149 жылдыгына арналган НМУнун студенттери арасында спорттун кичи футбол түрү боюнча «Алма-Бак» футбол аянтчасында мелдеш өткөрүлдү.

2. 2017-жыл октябрь айында «Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында НМУнун факультеттеринин студенттери арасында спорттун волейбол түрү боюнча ачык биринчилик мелдеш өткөрүлдү.

  • 1 орунду НАЭК ээледи
  • 2 орунду ЭБжБ факультети камсыздады
  • 3 орунду АТФ ээледи

3. «Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында 2017-жыл 21−25 ноябрь айында университетте спортту өнүктүрүү максатында С. Нааматов атындагы НМУнун профессорлор-окутуучулар жана структуралык курамдын кызматкерлери арасында спорттун 5 түрү боюнча күзгү спартакиада өткөрүлдү.

Фото

4. 15-февраль 2018-жылы «Дене тарбия» кафедрасынын профессордук — окутуучулук курамынын, студенттеринин жана алардын ата- энелери ортосунда пикир алмашуу жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга «Дене тарбия» кафедрасын аккредитацияга даярдоо боюнча жумушчу топтун координатору Кулманбетова С.М. жана Бейшеналиева У. катышып, катышуучуларга аккредитация жөнүндө жалпы маалымат беришти.

Фото