Интерактивдүү оюн өткөрүлдү

Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан угуза окуу иш чарасынын алкагында Ж. Саалаев атындагы илимий китепкананын кызматкери Рысбекова Айпери Нарын агрардык-экономикалык колледждин студенттеринин катышуусу менен интерактивдүү оюн өткөрдү. Оюндун суроолору жазуучунун «Биринчи мугалим «повести боюнча түзүлдү. Оюн катышуучулардын активдүүлүгү менен кызыктуу өттү. Соңунда иш-чаранын катышуучулары — окурмандар повесттеги каармандарды, окуяларды талкуулап, чыгарма боюнча өз ой- пикирлерин билдиришти. Өткөрүлгөн иш чара — оюн аркылуу жаш окурмандарга залкар жазуучубуздун чыгармаларын даназалоо максатын көздөйт.