Мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректор

Саргашкаев Эсенбай Абдыраевич

тарых илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу, Россиядагы табият таануу Академиясынын профессору

Университеттин Мамлекеттик тили жана окуудан тышкаркы иштери бүгүнкү күндүн жана коомдук өнүгүүнүн талаптарына ылайык жүргүзүлөт.Негизги милдети болуп, биринчиден, жаштарды тарбиялоону мамлекеттик тил, улуттук маданият, элдик каада-салт, ыймандык жана эстетикалык баалуулуктар менен айкалыштыра алууну ишке ашыруу; экинчиден, жаштардын рухий дүйнөсүнүн керектөөлөрүн калыптандыруу, тарбиянын таасирдүүлүгүн күчөтүү, таанып билүүсүнүн өз алдынчалуулугун системалаштыруу жана активдештирүү болуп саналат. Университеттеги мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштери, төмөнкүдөй иш-чаралар аркылуу жүзөгө ашырылат:

— Мамлекеттик тилди жайылтуу, иш кагаздардын кыргыз тилинде жүргүзүлүүсүн көзөмөлдөө;

— Кыргыз элинин көркөм дөөлөттөрүн даңазалоону колго алуу жана кыргыз калемгерлерине арналган тематикалык кечелерди, иш-чараларды пландуу, үзгүлтүксүз өткөрүп турууга жетишүү;

— Көрнөк-жарнак тексттеринин, котормолорунун кыргыз адабий тилинин нормасына ылайык жазылуусун камсыз кылуу, тиешелүү жерлерге сунуштоо;

— Тарбия берүү багытын илимий-теориялык деңгээлден практикага өткөрүүгө умтулуу;

— Кыргыз Республикасынын бүгүнкү ички жана тышкы саясатын, эканомикасын жана маданиятын, келечектеги дүйнөдөгү орду жөнүндө студенттерге маалымат берүү;

— Студенттердин маданий-эстетикалык дүйнөсүн кеңейтүү;

— Кыргыз элинин маданияты, улуттук каада-салттарынын элементтери камтылган жаштык майрамдарын, оюн-шоокторду уюштуруу жана өткөрүү;

— Облустук, республикалык жана дүйнөлүк деңгээдеги спортсмендердин чыгуусуна шарт түзүү;

— Студенттердин ден-соолугун чыңдоого багытталган иш-чараларды, спорттук мелдештерди уюштуруу.

Мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректорго тиешелүү түзүмдөр:

  1. «Соң-Көл» жаштар ордосу.
  2. С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик университетинин алдындагы жатакана.
  3. Спорт зал.

Мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректордун курамына:

  1. НМУнун социалдык маселелер боюнча бөлүмдүн башчысы;
  2. «Соң-Көл» жаштар ордосунун директору;
  3. Мамлекеттик тил боюнча адис;
  4. Факультеттердин тарбия иштери боюнча декандын орун басарлары;
  5. Колледждердин тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары;
  6. Жаштар жана студенттер уюмунун президенти;
  7. Жатакананын коменданты;
  8. Спорт залдын жетекчиси.

Мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштеринин натыйжалуу иш чаралары:

— «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө» жылына карата НМУнун профессордук-окутуучулук курамынын арасында өткөрүлгөн кышкы мелдеш;

— 21-февраль — бүткүл дүйнөлүк эне тили күнүнө карата кыргыз тил майрамы;

— ЖОЖдор аралык универсиадада НМУнун «Баскетбол» боюнча уландар командасы биринчиликти камсыз кылышты;

— КРдин Нарын облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн буйругуна ылайык 2 айлык ишембилик өткөрүлүүдө. 100 терек, 100 жийде, 10 балаты отургузулуп, НМУга бөлүнгөн Нарын шаарынын Алма-Бак паркы тазаланып, ирээттелди;

— Нооруз майрамына карата НМУда улуттук каада-салттар, улуттук тамак-аштар жана улуттук оюндар өткөрүлдү. Кечкисин «Сармерден» менен коштолгон көжө бышырылды;

— Республиканын белгилүү инсандары менен жолугушуу өткөрүлүп турат. 2014-жылдын апрель айында республиканын белгилүү манасчылары жана Алтайдан келген кыргыз туугандар менен жолугушуу өткөрүлдү;

— НМУнун студенттери спорттук, интелектуалдык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү менен жолугушуу жана сыйлоо кечеси өткөрүлүп, салтка айланууда.