«ТИКА» Түрк тили жана маданияты борбору

«ТИКА түрк тили жана маданияты борбору» С. Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетинин жана Түркия Республикасынын өкмөт башчылыгына караштуу Түрк кызматташтыгын координациялоо агенттегинин (ТИКА) демилгеси менен 2006-жылдын ноябрь айында ачылган.

ТИКА түрк тили жана маданияты борбору түрк жергеси, эли, маданияты жөнүндө маалымат берген ар кыл иш-чаралар жүргүзүп келүү менен бирге Кыргызстандын расмий майрамдарын жигердүү өткөрүп келет. Учурда борбордо 141 студент жана окуучулар билим алууда. Акыркы үч жылды гана алып карасак, түрк тилин өздөштүргөндүгү тууралуу сертификат алгандар: 2011−2012-окуу жылында 80 студент жана окуучулар, 2012−2013-окуу жылында 120 студент жана окуучулар сертификат алышкан. 2013−2014-окуу жылында 180 студентке жана окуучуга сертификат берилиши күтүлүүдө.

Борбордун кызматтары:

  • Түрк тили курстары каалоочу студенттерге жана мектеп окуучуларына акысыз үйрөтүлүүдө.
  • Ар жуманын ишемби күндөрү эркек балдар арасында футбол уюштурулат.
  • Ар жумада окуучуларыбызга акысыз түрк кинотасмалары көрсөтүлүүдө.
  • Кыргызстандын бардык расмий майрамдарын уюштурууга активдүү катышат.
  • Cтуденттерибизди Түркиядагы университеттерге акысыз билим алууга жөнөтүү.
  • Түрк тилинде ырлар жана көркөм окуулар.
  • Улуттук түрк бийлери ансамбли.
  • КВН жана театр клубу.
  • Түркияга жана Бишкекке саякаттар уюштурулууда.
  • Пикниктер уюштурулууда.