«Евразиялык интеграциянын алкагында Кыргызстандын өнүгүшүнүн негизги багыттары» атындагы эл аралык илимий-практикалык конференция

Улуттук экономиканы чыңдоо жылына, Улуу Жеништин 70 жылдыгына, С. Нааматовдун 110 жылдыгына жана С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин түзүлгөндүгүнүн 19 жылдыгына арналган «Евразиялык интеграциянын алкагында Кыргызстандын өнүгүшүнүн негизги багыттары» аттуу темадагы Эл аралык илимий- практикалык конференция 18- июнь 2015- жылы Нарын шаарындагы Жаштар ордосунун имаратында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети тарабынан өткөрүлдү.

Пленардык отурумдун алып баруучусу, С. Нааматов атындагы НМУнун илим, инновациялык технологиялар жана тышкы байланыштар боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Н.А. Чоробаева болду.

Конференцияга ардактуу меймандар келип катышышты; КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Р.Н.Адиев, КРнын Эл мугалими, КРнын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңештин эксперти, коомдук саясий ишмер М.Б.Базаркулов, педагогика илимдеринин доктору, профессор И.Б.Бекбоев, экономика илимдеринин доктору, профессор М.И.Исраилов, педагогика илимдеринин доктору, профессор Э.М.Мамбетакунов, тарых илимдеринин доктору Чоротегин, Индия мамлекетинин КИТ университетинин ректору, доктор, профессор С. Патнайк, К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун проректору, химия илимдеринин кандидаты Р.И.Абылгазиев, Алматы экономика жана статистика Академиясынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты Д.О.Оналтаев.

Конференция С. Нааматов атындагы НМУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Д.К.Өмүралиеванын сөзү менен ачылып, С. Нааматовдун 110 жылдыгына, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган презентация- слайд көргөзүлдү. Андан ары КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Р.Н.Адиев, КРнын Эл мугалими, КРнын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңештин эксперти, коомдук саясий ишмер М.Б.Базаркулов, тарых илимдеринин доктору Чоротегин куттуктоо сөздөрүн айтышты. Педагогика илимдеринин доктору, профессор Э.М.Мамбетакунов «С.Нааматовдун таржымалындагы урунттуу фактылар» аттуу баяндамасы, Индия мамлекетинин КИТ университетинин ректору, доктор, профессор С. Патнайктын «Кыргызстандын Евразиялык интеграциянын алкагындагы өнүгүшүнүн негизги багыттары «аттуу баяндамасы болду. Андан кийин ардактуу меймандарга ыраазычылык көргөзүү аземи болуп, КРнын Эл мугалими, КРнын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңештин эксперти М.Б.Базаркуловго жана педагогика илимдеринин доктору, профессор И.Б.Бекбоевге «Ардактуу профессор» наамын С. Нааматов атындагы НМУнун ректору, профессор Д.К.Өмүралиева тапшырды. Конференциянын кийинки бөлүгү С. Нааматовдун өмүр жолуна арналган көркөм окуу жана университеттин студенттери тарабынан даярдалган чакан концерт менен коштолду.

Конференциядан кийин меймандар университеттин тилдер жана маданият борбору менен таанышышты.

19- июнь күнү С. Нааматов атындагы НМУнун башкы имаратында секциялык отурумдар башталды.

№ 1 секция- Педагогика, Окутуу технологиялары. Секциянын төрагасы педагогика илимдеринин доктору, профессор Т.М.Сияев,

№ 2 секция- Филология, Философия, Тарых. Секциянын төрагасы филология илимдеринин кандидаты, А.С.Жантаев,

№ 3 секция- Экономика, Техника. Секциянын төрагасы экономика илимдеринин кандидаты, доцент А.Ж.Асанов.

Секциялык отурумдардан кийин П.и.д., профессор Эсенбек Мамбетакунов атындагы окуу методикалык кабинет, С. Нааматов атындагы НМУнун 3- окуу корпусунда 401- аудиториясында коноктордун катышуусунда ачылуу аземи болду.