«ТАРЫХТЫ ӨЗГӨРТКӨН ТАРЫХЫЙ ИНСАН»

Теңир-Тоо жергесинде 2019-жылдын 4-ноябрында республикалык масштабдагы чоң юбилейлик иш-чара болуп өттү. Өткөрүлгөн иш-чара мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык юбилейине арналды.
Аталган иш-чаранын негизги уюштуруучулары КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети болду. 4-ноябрдын таңы М. Рыскулов атындагы Нарын академиялык музыкалуу-драма театрында иш-чарага келген меймандарды тосуп алуудан башталды. Театрда «Тарыхты өзгөрткөн тарыхый инсан» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Конференциянын катышуучуларын каттоо эртең мененки саат 8:30да башталып, иш-чаранын өзү 9:00дө ачылып, туура 10:50дө аягына чыкты. Конференциянын ишин башынан аягына чейин С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Таштанбек Сияев жүргүздү.
Конференцияда кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал окумуштуулар — академик Абдыганы Эркебаев, профессорлор Осмонакун Ибраимов, Абылабек Асанканов, Каныбек Исаков, ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков, тарых илиминин кандидаттары Адылбек Каниметов, Жамыйкат Омурова, Борбор Азия университетинин тарых боюнча улук окутуучусу Ребекка Рамсай, элдин купулуна толгон кызыктуу баяндамаларын жасашты. Алардын баяндамалары элдин зор кызыгуусун жаратып жандуу күлкү, кызуу кол чабуу менен коштолуп турду.
Конференцияда окулган баяндамалардын чордонунда Турдакун Усубалиевдин Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн жасаган кызматы, өтөгөн эмгеги абдан толкундануу менен эскерилип, катышуучулардын бардыгынын толук жактыруусун жаратты. Залдагы угуучулар, конференциянын меймандары жалпы кызыгуусун көрсөтүп, ар бир баяндамачынын сөзүн кунт коюп угуп, кол чабуу менен колдоп турушту.
Иш-чаранын экинчи бөлүгү мына бүгүн жаңыдан ачылып жаткан Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта улантылды. Бул жерде кыргыз элинин белгилүү мамлекеттик ишмеринин чебер колдон бүткөн айкели да ачылды. Аянттын жана айкелдин ачылыш аземинен соң расмий адамдардын сөздөрү сүйлөнүп, өнөрпоздордун шаңдуу концерти менен коштолду. Ошентип, бүгүн Нарын шаары, Теңир-Тоо жергеси күлкүгө, шаңга бөлөнүп, элдин жүзү майрамдык маанайда кубанычка батып, салтанат уланып жатты. Теңир-Тоо, куттуу болсун майрамың!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *