ТалМУнун окутуучулары жана студенттери НМУда

2019-жылдын 30-май күнү университетибизгеТалас мамлекеттик университетинин биология жана георгафия багытында окуп жаткан 2-курстун студенттери ТалМУнун табигый-илимдер кафедрасынын башчысы геогр.и.к., доцент Г. Ч.Донбаеванын жетекчилиги астында академиялык мобилдүүлүк боюнча окуу-талаа практикасына келишти. Алар аталган практиканы НМУнун табигый-илимдер кафедрасынын башчысы б.и.к., доцент Н.И.Ибраеванын жетекчилиги менен ѳтүштү. Андан соң, коноктор НМУнун башкы корпусунда проректор Э.А.Саргашкаев менен жолугушуп, кыскача экскурсия кылышты.

Нарын жана Талас мамлекеттик университеттери республикадагы жаш университеттеринен болсо да, алар кѳп жетишкендиктерди кѳрсѳтүп келе жатышат. Бара-бара материалдык базасы чындалып, студенттери билим жагынан ар кандай олимпиадага катышып жакшы ийгиликтерди жаратып келишти. ЖОЖ жалан билим берүү гана эмес, студенттери ар тараптуу ѳнүктүрүү максатын кѳздѳйт. Бардык эле ЖОЖдордун алдында Кыргызстанды ѳнүктүрүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүүчү адистерди даярдоо максаты турат. Бирок биз бул максат ѳлкѳбүздүн ынтымагы менен гана жетишүүгѳ мүмкүн экендигин эстен чыгарбасак. Ушул ниетте, Нарын мамлекеттик университети менен Талас мамлекеттик университети мындан ары да ѳз ынтымагын уламакчы.

Сүрѳттѳр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *