БАА ЖЕТКИС БЕЛЕК

2019-жылдын 8-майында НМУнун Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканасында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик, филология илимдеринин доктору, профессор Абдылдажан (Мелис)Амантурович Акматалиев менен жолугушуу кечеси болуп өттү. Жолугушууну С. Нааматов атындагы НМУнун ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Т.М.Сияев ачты. Ал өз сөзүндө адам баласынын жашоосунда китептин орду эң маанилүү экенин баса белгиледи.
Ал эми академик А.А. Акматалиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улутубуздун көөнөргүс көркөм дөөлөттөрү болгон кыргыздын акын-жазуучуларынын чыгармаларын элге жеткирүү, илимий эмгектерди жазуу, чыгаруу жана жайылтуу, улуу сүрөткерибиз ЧыңгызАйтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы, адамдык сапаттары жөнүндө да кеңири айтып берди. Анын аңгемеси кечеге катышуучулардын жандуу кызыгуусун туудурду. Катышуучулар тарабынан академикке көптөгөн суроолор берилип, азыркы замандагы билим-илимдин, китептин ролу тууралуу, көркөм-адабий чыгармалардын адам баласын инсан катары калыптандыруудагы, тарбиялоодогу мааниси тууралуу ар кылой пикирлер айтылды.
Жолугушууга НМУнун илимий иштер боюнча проректору А. С. Жантаев, ошондой эле тарбия иштери боюнча проректору Э.А. Саргашкаев жана НМУнун профессордук-окутуучулук курамы катышты. Илимий китепкананын окуу залында «Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту» темасында китеп көргөзмөсү уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында даярдап басып чыгарган эмгектер Илимий китепканага 72 нускада тапшырылды. Жолугушууга депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Уланбек Сопакунов катышып, академик А. А. Акматалиевдин эл үчүн кылган албан эмгеги Нарын шаардык кеңеши тарабынан жогору бааланганын, ошонун натыйжасында академикке «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» деген наам ыйгарылгандыгын билдирип, аны наамы менен куттуктады.
Бул кече университеттин профессордук-окутуучулук курамын айтып бүткүс сүйүнүчкө бөлөдү. Анткени Илимий китепкананын китеп фондусу эң бир баалуу кенч болгон табылгыс китептер менен толукталды. Алар С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жалпы эмгек жамааты жана студенттери үчүн баа жеткис белек болуп калды.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *