НМУда «Ден соолукту чындоо» күнү

2019-жылдын 23-февралында Нарын шаарынын тоо лыжа базасында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук жааматынын, кызматкерлер жана студенттеринин арасында спорттун кышкы түрлөрү боюнча «Нарын кышы — 2019» иш-чарасынын алкагында «Ден соолук чындоо» күнү өткөрүлдү.

Иш-чара КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 600 токтому менен бекитилген жана КР Өкмөтүнүн 2018−22-жылдар арасындагы «Спорттук Кыргызстан» иш-чарасын жүзөгө ашыруу, ошондой эле окуу жайлардын студенттеринин, окутуучу-профессордук курамдын арасында дене тарбия жана спортту кеңири жайылтуу, ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоого үндөө максатында КР «2019-жыл аймакты өнүктүрүү жана санариптик өлкө» жылына карата уюштурулду.

Уюштуруучулар кышкы спорттун түрлөрү: чана жарыш, чака чапмай, аркан тартыш ж.б.ар түрдүү мелдештерди өткөрүп, иш-чара спорттук оюн-зооктор менен коштолду.

Мелдеште НМУнун бардык түзүмдүк бөлүктөрү активдүү катышып, женүүчүлөр грамоталар жана сыйлыктар менен сыйланышты.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *