НМУнун окутуучулары чет өлкөдө семинарда

2018-жылдын 9−19 май күндөрү С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык факультетинин «Маалыматтык технологиялар» кафедрасынын п.и.к., доценти Ажыбаев Дүйшөн, окутуучусу Осмонова Бермет жана Педагогика факультетинин «Табыгый илимдик билим берүү «кафедрасынын б.и.к., доцент Ибраева Назгуль Эразмус+ программасынын «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун менеджменти жана биомедициналык инженерия багытында жогорку билимди өнүктүрүү» KyrMedu долборунун алкагында уюштурулган окуу семинарга катышып келишти. Семинар Германия, Батыш Саксония Цвикау Прикладдык илимдер университетинин жана Румыния, Клуж Напока Техникалык университетинин базасында өттү.
Жумалык семинар эки этапка бөлүндү: 2018-жылдын 9−12 май күндөрү Германия, Батыш Саксония, Цвикау Прикладдык илимдер университетинде «LMS Moodle платформасындагы тажрыйба жана окуу процессинде колдонуу» темасында профессор Франк Гримм лекция окуду. Ошондой эле Цвикау Прикладдык илимдер университетинин биомедициналык инженерия лабораториясына экскурсия жүргүзүлүп, студенттер тарабынан жасалган илимий изилдөөчүлүк иштер жана студенттер менен байланышты уюштуруунун жолдору көргөзүлдү. Андан сырткары, Кыргызстандан барган 20 окутуучулук курам командаларга бөлүнүп, сабактарды уюштуруу, окуу материалдарды топтоо жана бирдей окуу программаларын түзүү тууралуу талкуу жүргүзүлдү.

Семинардын экинчи этабы 2018-жылдын 13−19 май күндөрү Румыния, Клуж Напока Техникалык университетинде болду. Бул жерде жумалык семинарга катышып, лекциялар жана факультеттердин окуу корпустары, лабораториялык камсыз болуусу жана илимий изилдөө иштеринде программдык жабдыктар, аларды колдонуу ыкмалары боюнча маалымат берилди.
Иш сапардын алкагында Нарын мамлекеттик университети жана Клуж Напока Техникалык университетинин ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.

Семинарда алынган маалымат жана жөндөмдөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгү НМУнун МТ-кафедрасынын окутуучуларынын арасында жайылтылмакчы.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *