НМУнун доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди

2018-жылдын 11−13-апрелинде Ташкентте билим берүүнү алдыга жылдыруу максатын көздөгөн субрегионалдык семинардын алкагында «Туруктуулук мугалимдерден башталат» аттуу долбоордун жыйынтыгы презентацияланды. Презентацияны улуттук координатор Жылдыз Кадыркуловна Дуйшенова жасады.

Семинарга С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин доценти, п.и.к. Бурулбүбү Биймурсаева катышып келди. Ошондой эле, семинарга Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулары жана адистери Абакир Мамытов, Калыйбубу Джунушалиева, республикалык педагогика кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун өкүлү Эльвира Умбетова, И. Арабаев атындагы КМУнин астындагы М.Р.Рахимова атындагы ПКДжКД институнунун өкүлү Дамира Тиленова, ОМПИден Гүлзада Сагынбаева, Мамлекеттик башкаруу академиясынан Эльвира Касымова, Ж. Баласагын атындагы КУУнин профессору Тургунбек Ниязов катышышты.

Долбоор 2016-жылдан бери өз ишин алып барат жана ага Кыргызстандын мугалимдерди даярдоо жана педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу ишин жүргүзгөн 5 жогорку окуу жайы мүчө.

ЮНЕСКОнун долбоорунун негизги максаты — адам укугу, гендердик тең укуктуулук, ар кырдуу маданиятты даңазалоо, тынчтык, курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылуу, экологиялык коопсуздук, климаттын өзгөрүүсү деген маселелер аркылуу окуучуларга туруктуу коомду түзүү үчүн керектүү болгон билимди жана көндүмдөрдү берүү болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *