Педагогикалык илимий — изилдөө лабораториясы ачылды

2017- жылдын 9-ноябрында С. Нааматов атындагы НМУнун Билим берүунүн сапат менеджменти бөлүмүнүн базасында Педагогикалык илимий — изилдөө лабораториясынын ачылуу аземи болуп өттү.

Бул иш чараны НМУнун ректору, профессор Дамира Кемеловна ачты. Иш чарага Ага Хан Фондунун Кыргызстандагы өкүлү Марк-Антуан Адамс, «MSDSP KG» Ага Хан Фондунун инициативасы Коомдук фондунун аткаруучу директору Мияшев Аслан жана Фонддун Нарын шаарындагы өкүлдөрү Курманбекова Назгүл, Атабаев Асан, Облустук админстрациянын социалдык бөлүмүнүн башчысы Жолдошева Салия катышты. Нарын мамлекеттик университетинин кафедра башчылары, структура түзүмүнүн жетекчилери, декандар катышты.

Проекттин демөөрчүлөрү : «MSDSP KG» Ага Хан Фондунун инициативасы Коомдук фонду жана Кристен фонду

Жалпы суммасы: 5 756 АКШ доллары

Актуалдуулугу: Билим берүү системасында профессордук-окутуучулук курамдын, мугалимдердин жана студенттердин илимий- изилдөөлөрдү жүргүзүүгө активдүү катышуусу жана анын жыйынтыктарын окуу процессинде колдоно билүүсү бүгүнкү күндүн талабы болуп эсептелинет.

  • Университеттин жана Нарын регионунун инновациялык потенциалын жогорулатуу зарылчылыгы бар экендиги;
  • Окутуучулардын, мугалимдердин, студенттердин практикалык, илимий билимдерин, көндүмдөрүн жакшыртуу;
  • Педагогикалык процессти анализдөө компетенцияларын калыптандырууну шарттап, изилдөө иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга мүмкүндүк берүү;
  • Изилдөөнүн жыйынтыгында алынган маалымат мектептерде, жогорку жана орто окуу жайларында билим берүүнүн сапатын жакшыртууда колдонуу.
  • инновациялык технологияларды колдонуу менен окуу процессинин катышуучуларынын илимий — изилдөө жөндөмдөрүн, көндүмдөрүн жакшыртуу, чыгармачылыгын өркүндөтүү аркылуу компетенттүү мамилеге негизделген билим берүүнү иш жүзүнө ашыруу

Лабораториянын милдеттери:

  • Илимий-изилдөө проекттерин жана программаларын иштеп чыгуу, иш жүзүнө ашыруу;
  • Инновациялык окуу технологияларын иштеп чыгууга жана жайылтууга багытталган иш- чараларды окутуучулар, мугалимдер үчүн уюштуруу, өткөрүү;
  • Окуу процессинин сапатын жогорулатууга багыталган иш чараларды студенттер жана окутуучулар үчүн уюштуруу, өткөрүү
  • Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү:
  • окутуунун инновациялык технологияларын үйрөнүү, аларды окуу процессине адаптациялоо, эксперименталдык жана изилдөө иштерин жүргүзүү;
  • илимий конференцияларды даярдоо жана өткөрүү, студенттердин илимий изилдөө иштеринин конкурсун уюштуруу;
  • Окуу- методикалык ишмердүүлүк
  • окуу процессиндеги өзгөрүүлөрдү аныктоо боюнча мониторинг жүргүзүү;
  • изилдөө иштеринин жыйынтыктарын коомчулукка жеткирүү, жарыялоо,
  • окутуунун инновациялык технологияларын жайылтуу боюнча семинарларды, лекцияларды, тегерек столддорду уюштуруу;
  • студенттердин жана жаш мугалимдердин практикалык жана теоретикалык көндүмдөрүн жакшыртуу максатында методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу
  • окуу- методикалык колдонмолорго экспериза жасоого катышуу;
  • билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча консультацияларды окутуучулар, региондун мугалимдери, мектеп жетекчилери үчүн уюштуруу, тажрыйба алмашуу боюнча иш- чараларды уюштуруу.
  • окуу процессинин катышуучуларынын ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын прогноздоо жана анализ кылуу жөндөмүн жогорулатуу;
  • Окутуучулардын, мугалимдердин жана студенттердин кесиптик компетенцияларын жогорулатууга багытталган маалыматтарды жайылтуу, жеткирүү.

Лабораториянын ачылуу аземи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *