Германия мамлекетинин «Вайенштефан- Триздорф прикладдык илимдер университети

Бүгүн биздин университетке Германия мамлекетинин «Вайенштефан- Триздорф прикладдык илимдер университетинин окутуучулары Karl Eischer жана Gunter Korig иш сапары менен келип кетишти.

Бул иш сапардын негизги максаты болуп:

«Банковское дело, развития кредитных кооперативов (Банк, кредиттик лизинг иштеп чыгуу»)

  • Агрардык менеджмент адистиги менен таанышуу
  • Кооперативтерди көрүп чыгуу, таанышуу

Келген коноктор менен жолугушуу төмөнкү жерлерде болду:

  • НМУнун ректору, проф. Дамира Кемеловна менен жолугушуу
  • Магистрлик борбордо
  • Герман тилдери борборунда
  • Турк тили жана маданияты борборунда
  • Кытай борборунда
  • Эл аралык байланыштар бөлүмүндө

НМУнун «Экономика, бизнес жана башкаруу» факультетинин 3−4 курсунун студенттери менен жолугушуп, ар кандай суроолорго жооп беришти. Ошондой эле билимдерин улантууну каалаган студенттерди Триздорф университетине чакырып, ал үчүн немис тилин терең өздөштүрүү керектигин баса белгилешти.

Сүрѳттѳр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *