GreenKG — санариптик жашыл университеттер

2024-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Евробиримдиктин Эразмус+ программасынын каржылык колдоосунда «Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн санариптик жашыл университеттер» долбоору старт алды.

Долбоордун консорциумуна Кыргызстандын 10 университети, ошондой эле Германиянын Гамбург университети, Литвадагы Вильнюс университети жана CBC консалтинг тобу катышууда. Долбоордун координатору — Дипломатиялык Академия

Жергиликтүү өнөктөштөр:

1. И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
2. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
3. Баткен мамлекеттик университети
4. К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
5. Эл аралык жогорку медицина мектеби
6. С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети
7. Ош мамлекеттик университети
8. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
9. К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети
10. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
11. Потенциалды өнүктүрүү боюнча консалтинг тобу

Чет элдик өнөктөштөр:

— Гамбург прикладдык илимдер университети (Германия)
— Вильнюс университети (Литва)