«Билим берүү, тарых жана маданият — өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын резолюциясы

Тарых жана маданият жылына, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин 20 жылдыгына арналган «Билим берүү, тарых жана маданият — өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

2016-жылдын 27−28-октябрында Нарын шаарында Тарых жана маданият жылына, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин 20 жылдыгына арналган «Билим берүү, тарых жана маданият — өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө» деген темада эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Конференциянын ишине республикабыздан жана чет өлкөлөрдөн эки жүзгө чукул окумуштуулар катышып, секциялык отурумдарда баяндамалар жасашты. Негизинен төмөнкү секцияларда баяндамалар окулуп, иш жүргүзүлдү: 1. Педагогикалык-психологиялык илимдер; 2. Социалдык-гуманитардык жана экономикалык илимдер; 3. Табияттаануу илимдери, айыл чарба илимдери, техникалык илимдер; 4. Филология жана лингвистика; 5. Окутуунун технологиялары.

Баяндамаларда билим берүүнүн, илимдин, тарыхтын жана маданияттын ар кыл тармактарынын учурдагы проблемалары ортого салынып, кенен-кесири талкууланды. Секциялык отурумдарда талкууланган билим берүүнүн, илимдин, тарыхтын жана маданияттын актуалдуу көйгөйлөрүн жыйынтыктап, конференция төмөнкүдөй резолюция кабыл алат:

  1. Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда компетенттүүлүк мамилеге өтүү жолдору, ыктары, усулдары терең иштелип чыгып, сынактан өткөрүлүп, анан колдонууга киргизилсин;
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн 80%ынын практикалык баалуулугу жоктугун билдирди, ошондуктан жождордогу илимий изилдөөлөрдүн өлкө үчүн майнаптуулугуна, пайдалуулугуна тийиштүү көңүл бурулсун;
  3. Конференцияда угулган баяндамаларда көтөрүлгөн маанилүү педагогикалык-психологиялык инновациялык идеялар практика жүзүндө пайдаланууга сунушталсын;
  4. 4. Республиканын жогорку окуу жайларында педагогика жана окутуунун технологиялары багытындагы илимий-практикалык конференциялар системалуу түрдө өткөрүлүп турсун;
  5. Кыргыз Республикасынын региондук жогорку окуу жайларынын спецификалык өзгөчөлүктөрү изилденип, ал изилдөөлөрдүн натыйжалары региондук жождор феноменин калыптандырууда колдонулсун;
  6. Региондогу жождордун эң негизги өзгөчөлүктөрү аныкталып, аларда билим берүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлсүн;
  7. Кыргыз элинин, өлкөбүздүн тарыхы, этнографиясы, маданияты боюнча учур талабына жооп берген, тарыхый-маалыматтык базасы чың жана негиздүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү колго алынсын жана алардын жыйынтыктары коомчулукка кеңири жарыялансын;
  8. Билим берүү, илим, тарых, маданият, экономика жаатындагы көйгөйлөрдү ургаалдуу чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн социалдык-гуманитардык жана экономикалык чөйрөлөрдөгү ишмердүүлүгү активдештирилсин;
  9. Тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр республиканын окумуштуулары менен жогорку окуу жайларынын практикалык баалуулукка ээ илимий-маданий иш-чараларын ар тараптуу колдоого алууну жана жардам көрсөтүүнү уюштурушсун;
  10. Экология менен гидрологиянын актуалдуу маселелерин, суу жана жер экотутумдарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн, өсүмдүк жана топурак кыртышын иликтөө менен сактоонун, экотутумдардын абалына ГИС-технологияларды жана аралыктан зонддоону колдонуу менен байкоо жүргүзүүнүн, табият чөйрөсүнүн экологиялык компоненттерин моделдөөнүн актуалдуу көйгөйлөрүн илимий изилдөөлөрдү андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленсин;
  11. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча иштелип чыккан жолдор менен усулдар өндүрүштүк процесске сунушталсын жана айыл чарба өндүрүшү багытында окуп жаткандардын илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүндө колдонулсун;
  12. Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик органдарга унаа каражаттарынын жана аларды башкаруунун коопсуздугун жогорулатуу жаатында иштелип чыккан илимий мамилелерди практикада колдонуу, ошондой эле тоолуу региондордогу жол кыймылынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу, жөө адамдардын коопсуздугу боюнча идеяларды алга жылдырууга түрткү болуучу иш-чараларды уюштуруу сунушталсын;
  13. Конференциянын жыйынтыктарын талдоочулук серепти даярдоонун жана конференциянын тажрыйбаларын унаа тармагындагы ишмердүүлүккө даярдаган жождордун билим берүүчүлүк шериктештиги арасында жайылтуунун маанилүүлүгү белгиленсин;
  14. Энергиянын жаңылануучу түрлөрүн колдонуу жана энергетикалык жоготууларды азайтууга багытталган майнаптуу чаралар боюнча жалпыга маалымдоо иштери жүргүзүлсүн;
  15. Республиканын ылдам өнүгүүсүнө багытталган илим менен техниканын азыркы жетишкендиктери кеңири колдонулсун, өз изилдөөлөрүндө педагогикалык-психологиялык, социалдык-гуманитардык, экономикалык, табияттаануучулук, филологиялык проблемаларды чечүү жолдорун издеп жатышкан окумуштуулардын инновациялык идеяларына кеңири колдоо көрсөтүлсүн;
  16. Өкмөттүн агрардык секторду колдоого багытталган күч-аракеттерин эске алып, ушул багыттагы иштин майнаптуулугун күчөтүүдө комплекстүү мамиле кылуу, республиканын региондорунун спецификасын эске алып чакан, орто жана ири агрочарбаларды түзүү, аларды айыл чарба өндүрүмүнүн эл аралык базарларына чыгаруу колго алынсын;
  17. Республикада өткөрүлгөн эл аралык, маданий жана башка иш-чараларды эске алуу менен областтын туристтик дараметин активдүү өстүрүү улантылсын, туристтик бизнести өнүктүрүү экономиканын алга сүйрөөчү сектору катары каралсын, ушул жаатта областтык жана мамлекеттик деңгээлде чечимдер кабыл алынсын;
  18. Илимий-билим берүүчүлүк инновацияларды колдоо тутумун калыптандырууга багыт алган ишмердүүлүктү активдештирүү боюнча конкреттүү иш жүргүзүлсүн, университеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын колдонуу колго алынсын;
  19. 19. Кыргыз Республикасынын экономикалык тутумунун ар кыл тармактарынын учурдагы абалы, өнүгүү келечектери боюнча изилдөөлөр колго алынып, өлкөнүн экономикасынын тармактарын өнүктүрүү боюнча майнаптуу практикалык сунуштар башкаруу органдарына киргизилсин;
  20. Кыргыз Республикасында экономиканын өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган табияттаануу илимдерин, айыл чарба илимдерин, техникалык илимдерди каржылык колдоо колго алынсын жана бул тармактарда эл чарбасына пайдалуу изилдөөлөрдү жүргүзүү уюштурулсун;
  21. Филология илимдерин, анын ичинде адабияттаанууну жана лингвистиканы заман талабына ылайык өнүктүрүү колго алынып, практикалык баалуулугу бар, гуманитардык академиялык окуу процессинде колдонууга болуучу изилдөөлөрдүн тематикалары аныкталып жана алар ырааттуу, максаттуу ишке ашырылсын;
  22. Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда майнаптуулук касиетине ээ окутуу технологияларын киргизүү иштери колго алынсын;
  23. Кыргыз Республикасынын жаш муундарынын заманбап дүйнө көрүмүн тарбиялоо жана чыгармачылык, ишмердүүлүк дараметин өстүрүү максатында логистика, тарых, филологиялык билим берүү багыттары боюнча магистрлерди даярдоону, теология, адабий чыгармачылык багыттары боюнча бакалаврларды даярдоону лицензиялоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө Билим берүү жана илим мнистрлигине кайрылуу жасалсын.

С. Нааматов атындагы НМУнун ректору,

профессор Омуралиева Д.К.

НМУнун илим, инновациялык технологиялар жана тышкы

байланыштар боюнча проректору Чоробаева Н. А.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *