Студенттик жашоо

«Жаштар жана студенттер союзу"-бул сенин союзуң!

«Жаштар жана студенттер союзу" — бул

  • Медиа борбору
  • КВН командасы «Нарынский вариант»
  • «Намыс» спорттук клубу
  • «Башат» газетасы
  • Бекер интернет борбору
  • Эпицентр командасы
  • Элдик чыгармачылык борбору «Мурас»
  • Активдүү студенттер жана «Нарын-Тентектери» командасы.
  • «Биздин арабызга кошул»

Нарын мамлекеттик университетинин «Жаштар жана студенттер союзу» 2000-жылы 4-майда студенттердин жана жаш окутуучулардын демилгеси менен уюшулган. Азыркы тапта Нарын мамлекеттик университетинин, Нарын педагогикалык окуу жайынын, Нарын агрардык-экономикалык колледжинин студенттери жана 150 жаш окутуучулар «Жаштар жана студенттер союзунуна» мүчө болушкан. «Жаштар жана студенттер союзу» студенттердин бош убактысын пайдалуу өткөрүү максатында ар-кандай маданий-массалык иш-чараларды, спорттук мелдештерди жана конференциялар менен тегерек столдорду уюштуруп келет. Жазалып жаткан алгылыктуу иштери үчүн «Жаштар жана студенттер союзу» эки жолу Нарын облусунун эң мыкты жаштар уюму деп табылган.

2003-жылы «Академиялык айкындуулук» долбоору ишке ашып 3000 $ АКШ доллары ишке киргизилип «Эпицентр» командасы түзүлгөн. Долбоордун алкагында ЖжСС мүчөсү Ырысбек у Элдияр АКШда болуп «Академиялык айкындуулук жана Студент» темасында ар кандай семинарларда, конференцияларда болуп келген;

  • «Жаштар жана студенттер союзу» Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиевдин өз колунан беш компьютер жана Нарын мамлекеттик университетинин студенттик жатаканасын жана илимий китепканасынын чатырын чатырлоого 1 500 000 сом акчалай жардам алган;
  • «Жаштар жана студенттер союзу» 8000 $ АКШ долларын жеңип бекер интернет борбору ачылган;
  • 15 000 $ АКШ доллары долбоор менен жеңип Медиа-борбору ачылып ийгиликтүү иш алып барууда;
  • «Жаштар жана студенттер союзу» 2008-жылы «Скажем, НЕТ! Академической нечестности и коррупции» долбоорун ишке ашырып ийгиликтүү иш алып барууда;
  • «Жаштар жана студенттер союзу» студенттер менен ар тараптуу иш-алып барып, алардын ичинен: «Нарын блондиндери», «Нарын State жана «Нарын варианттары» командалары КВН оюндарында Супер финалга ойноого жолдомо алышса, «Нарын тентектери» командасы «Тамашоу» оюндарында жарым финалга чыгышты.
  • «Жаштар жана студенттер союзу» студенттер менен ар тараптуу иш-алып барып, алардын ичинен: «Нарын блондиндери», «Нарын State жана «Нарын варианттары» командалары КВН оюндарында Супер финалга ойноого жолдомо алышса, «Нарын тентектери» командасы «Тамашоу» оюндарында жарым финалга чыгышты.
  • Биздин спортсмендер Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын арасында өткөрүлүүчү Универсиадага жыл катышып, стол үстүндөгү теннис, шахмат боюнча орунду, кичи футбол, жеңил атлетика боюнча орунду, күрөш боюнча орунду камсыз кылышып, жалпы командалык эсеп менен орунду ээлеген.

Тамашоу лигасынын чемпиону «Саяктар» командасы Нарын мамлекеттик университеттин базасында түзүлгөн команда. Эң биринчилерден болуп Нарынские блондины командасы түзүлгөн. Андан кийин Центральный квартал жана Нарынский вариант атту командалар Бишкектеги КВН Кыргызстана лигасында ойноп Жогорку лиганын коло медальдардын ээси, Жайкы фестивальдагы биринчи орундардын дипломунун ээси болуп келген. Андан соң Тамашоу лигасы ачылып, 2009−2010 сезонунда чемпион болуп аталды. Азыркы кезде жаңы команда түзүлүп, Нарын Юнайтед командасы Тамашоу лигасында ойноп жүрөт.