МАГИСТРАТУРА

Магистр — бул илимий чыгармачылыктын методологиясына жана методикасына, азыркы маалыматтык технологияларга, ар түрдүү маалыматты анализдөөжана синтездөө көндүмдөрүнө ээ, илимий — изилдөөчүлүк милдеттерди өз алдынча чечүүгө, долбоорлорду иштеп чыгууга жана башкарууга жөндөмүү, илимий — изилдөөчүлүк, талдоочулук жана педагогикалык ишмердүүлүккө даярдалган кеңири эрудициялуу адис.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Эл аралык магистердик борбору 7 — июнь 2008 — жылы НМУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен уюшулган.

15.10.2009 жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин аккредитациялоо жана лицензиялоо мамлекеттик инспекциясынын чечими менен№ 15/10 протоколунун негизинде лицензия № 338, каттоо № 1−447негизинде алты багыт боюнча магистранттарды даярдоого уруксат берилген:

  • Менеджмент
  • Экономика
  • Автоматташтыруу жана башкаруу
  • Педагогика
  • Философия
  • Саясат таануу

2011- жылы апрелде аттестациядан өтүп «Экономика жана ишканаларды башкаруу», «Билим берүүнүн менеджменти» «Бизнести башкаруу», «Финансы жана кредит», «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиктерине магистранттарды даярдоого уруксат алынган.

Магистердик борбор ачылгандан бери күзүндө жана жазында, күңдүзгү- кечки жана сырттан окуу формасына магистранттар кабыл алынып келди.

Кабыл алуу жылы Багыттын аталышы Кабыл алынгандардын саны Жалпы саны
2009февраль «Агрардык менеджмент» «Бизнести башкаруу» 67 38
2009сентябрь «Агрардык менеджмент""Билим берүүнүн менеджменти» «Экономика жана ишканаларды башкаруу» 4912
2010 «Экономика жана ишканаларды башкаруу» (күндүзгү бөлүм)"Экономика жана ишканаларды башкаруу (сырттан окуу бөлүмү)"Агрардык менеджмент""Финансы жана кредит" (күндүзгү бөлүм)"Финансы жана кредит" (сырттан окуу бөлүмү)"Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" 7 109 171 512 67
2011 «Экономика жана ишканаларды башкаруу» (сырттан окуу бөлүмү)"Финансы жана кредит"(күндүзгү бөлүм)"Финансы жана кредит" (сырттан окуу бөлүмү)"Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу""Учёт, анализ и аудит""Бизнести башкаруу""Билим берүүнүн менеджменти"(күндүзгү бөлүмү)"Билим берүүнүн менеджменти"(сырттан окуу бөлүмү) 151 711 101 181 516 103
2012 сентябрь «Экономика жана ишканаларды башкаруу"Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы""Билим берүүнүн менеджменти» 39 412 55
2013 «Экономика жана ишканаларды башкаруу"Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы""Финансы жана кредит""Билим берүүнүн менеджменти» 34 182 821 101
2013−2014 окуу жылы «Экономика""Менеджмент""Педагогика» 1 176 031 208

Программанын пайдалуулугу:

  • Ар бир магистрант менен жекече иштөө;
  • Компьютердик технологияны жана чет тилин тереңдетип окутуу;
  • Өндүрүштөн четтетилбестен окууну улантуу;
  • Жаңы адистикти алуу;
  • Контракты төлөөнүн ийкемдүү системасы;
  • Жаңы окуу усулдарын пайдалануу менен сабак өтүү;
  • Изилдөө ишин аспирантурада улантууга мүмкүндүк алуу

(магистердик диссертация — кандидаттык диссертациянын 50% түзөт);

  • Карьералык өсүү;
  • Эл аралык магистердик программаларга катышууга жана чет өлкөдө окууга мүмкүнчүлүк алуу.

Биздин окуп жаткан магистранттар жана бүткөндөр:

Жогорку категориядагы адистер;

Жогорку кызматтарда иштей ала турган адистер;

Алдынкы технологияны пайдалана билген адистер;

Ар түрдүү эл аралык проекттер менен иштей ала турган адистер;

Өзүнүн кесиптик деңгээлин жана карьерасын жогорулатууну каалаган адистер;

Чет элден келип окуган магистранттар (Туркия мамлекетинен) — 34 окуучу;

НМУда иштеген окутуучулар — 38 магистрант.

Финансылык база:

Контрактык сумма күндүзгү бөлүм үчүн сырттан окуу бөлүмдөру чет элдик магистранттар үчүн НМУнун окутуучулары үчүн 20% жеңилдиктер
2009−2011, 2011−2012 16 000−16 500 сом 14 000−14 300 сом 20 000 сом 85 300 сом
2013−2014 18 000 сом 22 000 сом

Эл аралык магистердик борбордун башкаруучулук түзүмү:

Мүдүрү - э.и.д., профессордун м.а. Бекбоева М.А.

Адис — Ибраева А.Ж.

Эл аралык магистердик борбордун профессордук окутуучулук түзүмү:

А.А.А. Илимий даражасы
1. Сияев Т.М. п.и.д., профессор
2. Сыдыков Ж.С. ф.и.д., проф. м.а.,
3. Калдыбаев С.К. п.и.д., профессор
4. Омуралиева Д.К. э.и.д., профессор
5. Мамбетакунов Э.М. п.и.д., профессор, КР УИА мүчө корр
6. Атышов К.А. э.и.д., профессор (КЭУ),
7. Чоров М.Ж. п.и.д., профессор (КГУ),
8. Сарыбаев А. С э.и.д., профессор (КНУ),
9. Арзыбаев А.А. э.и.д., профессор (КНУ),
10. Нарбеков Б.Н. э.и.к., доцент (КЭУ),
11. Куканов А.К. э.и.к., доцент
12. Бекбоева М. А э.и.к., доцент
13. Асанов Ж. А э.и.к., доцент
14. Нуралиева Н. М э.и.к., доценттин м. а
15. Асан уулу Кубат — э.и.к., доценттин м. а
16. Атанаев Т.Б. б.и.к., доцент
17. Э.М. Байбагышев а.ч.и.к. доцент
18. Чекирова Г. К. п.и.к., доценттин м.а.
19. Биймурзаева Б.М. п.и.к., доцент
20. Мунайтпасова Г. Ж. п.и.к., доцент
21. Бекежанов М. М п.и.к., доцент
22. Жумаева Р. Р саясий. и.к., доценттин м.а.

Улук окутуучулар: Ашыров Э.Т., Шерматова И.К., Касымова Г. А., Сарбагышева А.Э., Ырыскелдиева А.К., Айдарова Б.А., Жаныбек уулу Рысбек, Байзакова Н.С., Койчуманова И.Т., Сыдыкова Э.Ж., ж.б.

Жетектөөчү адис практиктер:

А.А.А. Кызматы
1. Сариева Б. Т 3-рангадагы салык кызматынын кеңешчиси
2. Ташмамбетов Т. Т юрист-адис областтык соттун судьясы
3. Дуйшембиев М. С «Ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду» ААК чакан микрокредиттик компаниясынын Нарындагы филиалынын кредиттик-эксперт, юристи
4. Шерипбаев Б.А. Нарын областы боюнча ПРООНдун менеджери
5. Досоев А. А Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын айыл чарбасын колдоо, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүктү колдоо өндүрүштү көтөрүү боюнча экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнун башкы адиси
6. Усупбеков А. К Борбордук Азия Университетинин коомчулук менен байланыш түзүү менен кыска мөөнөттөгү программалар менен иштөө боюнча координатору
7. Устабаев А.К. НМУнун эл аралык байланыш бөлүмүнүн адиси
8. Каимова С «Ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду» ААК чакан микрокредиттик компаниясынын Нарындагы филиалынын мүдүрү
9. Жалилова А.Б. Республикалык бюджетти аткаруу боюнча Нарын регионалдык казына бөлүмүнун мүдүрү

Материалдык-техникалык жактан жабдылуусу:

«Аграрный менеджмент» магистердик курсун өнүктурүу максатында Вайенштефан университети (Германия) 5255 еврого окуу кабинетин жабдып финансылык колдоо көрсөткөн: 12 компьютер (интернетке кошулган); 1 көчүрүүчү аппарат; көп функциялуу принтер; 1 сканер; 1 LCD проектор; 1 экран жана башка кошумча каражаттар менен жабдылган.

Нарын мамлекеттик университети тарабынан компьютердик классты жабдуу максатында жана 2 административдик кабинет үчүн төмөнкүдөй жабдуулар берилген: 2 ноутбук; 1 LCD проектор; 2 компьютер (интернетке кошулган); 1 сейф; 1 принтер; мебель (шкаф, стол, стулдар ж.б.).

Нормативдик жана окуу методикалык базасы

2010−2011 жылдарында нормативдик жана окуу методикалык базасы боюнча жазалган иштер:

—  Магистратуранын жетекчисинин жана башкы адисинин кызматтык нускамасы иштелип чыкты;

—  Илимий-изилдөө практикасынын, илимий- педагогикалык практикасынын жоболору иштелип чыкты;

—  Магистирлердин илимий- изилдөө иши боюнча жобосу иштелип чыкты;

—  С. Нааматов атындагы НМУнун магистранттарынын өз алдынча иштөөсү боюнча жобого өзгөртүу киргизилди;

—  С. Нааматов атындагы НМУнун магистратурада окуу процесси жүргүзүү боюнча жобосуна өзгөртүүлөр киргизилди;

—  С. Нааматов атындагы НМУнун магистратурада окуу процессинин көлөмү боюнча жобосуна өзгөтүүлөр киргизилди;

—  «Финансы жана кредит», «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиктеринин окуу пландары сырттан окуу жана күндүзгү бөлүмдөрү үчун иштелип чыкты;

—  «Экономика жана ишканаларды башкаруу», «Бизнести башкаруу», «Агрардык менеджмент»,"Билим берүүнүн менеджменти" адистиктеринин окуу пландарына өзгөртүүлөр киргизилди;

—  областтык жана райондук мамлекеттик кызматчылар үчүн кыска мөөнөттөгү курстар өткөрүлдү.

2012−2013 жылдарында нормативдик жана окуу методикалык базасы боюнча жазалган иштер:

—  С. Нааматов атындагы НМУнун магистранттарынын изилдөө ишинин илимий жетекчиси боюнча жобосу иштелип чыкты;

—  Магистердик диссертацияны жазуу үчун методикалык көрсөтмө иштелип чыкты;

—  С. Нааматов атындагы НМУнун магистранттарынын «Билим берүүнүн менеджменти» адистиги боюнча магистердик даярдыгы жөнүндө жобосу иштелип чыкты;

—  С. Нааматов атындагы НМУнун магистранттарынын «Агрардык менеджмент» адистиктери боюнча адистерди даярдоо боюнча жобосу иштелип чыкты;

—  2013−2014 окуу жылына магистратурага магистранттарды кабыл алуу эрежеси иштелип чыкты;

—  Ар бир магистрант үчүн жеке планы иштелип чыкты;

—  Атайын жана кесиптик багыттагы сабактар үчүн окуу программалары иштелип чыкты;

—  Атайын жана кесиптик багыттагы сабактар үчүн окуу методикалык комплекстер лекциялар менен бирге, практикалык сабактар үчүн методикалык көрсөтмөлөр, магистранттарга таратылып берилүүчү көрсөтмө материалдар иштелип чыкты;

—  Атайын жана кесиптик сабактар үчүн электрондук китеп базасы түзүлдү;

—  Мамлекеттик аттестациядан өткөндөн кийин «Финансы жана кредит», «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» ,"Билим берүүнүн менеджменти", «Агрардык менеджмент», «Экономика жана ишканаларды башкаруу», «Бизнести башкаруу» адистиктеринин окуу пландарына өзгөтүүлөр киргизилди.

Илимий иштер

  • Төмөнкү адистиктер боюнча магистердик иштердин темалары иштелип чыгып бекитилди: «Экономика жана ишканаларды башкаруу»;"Бизнести башкаруу"; «Агрардык менеджмент»; «Билим берүүнун менеджменти»; «Финансы жана кредит», «Учёт, анализ жана аудит», «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу», «Башталгыч билим берүү педагогикасы»;
  • Магистердик диссертацияны жазуу үчун методикалык көрсөтмө иштелип чыкты;
  • С.Нааматов атындагы НМУнун жана Кыргызстанда болуп турган илимий-изилдөө конференцияларына биздин магистранттар активдүү катышып турат жана статьяларын жарыялашат;

ЭМБ ачылгандан баштап — 87 магистрант магистердик диссертацияларын ийгиликтүү жактап чыгышты;

«Агрардык менеджмент» адистиги боюнча 6 магистрант Вайенштефан университетинен (Германия) стажировкадан өтүп келди.

Келечектеги иш пландар

Илимий практикалык конференцияларга магистранттарды катыштыруу;

Окутуучуларды конкурстук негизде тандап алууну калыптандыруу;

Магистранттар үчүн группалык тренингдерди өтүү;

Магистратуранын иш жүргүзүу процессин жана окутуучулардын магистранттарды окутуу ишин балоо максатында магистранттардан анкета алуу үчүн анкеталык баракчаларды даярдоо;

Илимий изилдөо жана илимий педагогикалык практикалар үчун күндөлүктөрдүбасма канадан чыгаруу;

Магистранттарды чет өлкөлөрдөн стажировкадан өткөрүү: ЭрасмусМундус программасы боюнча, Вайенштефан (Германия) университетинин магистратурасында, Туркия мамлекетинин университеттеринде;

Методикалык жана лекциондук фондду толуктоо;

Магистратуранын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу: электрондук жана китеп фондусун калыптандыруу; мультимедиялык жана компьютердик техникалар менен жабдуу;

Башка жогорку окуу жайлардын магистратуралары менен байланыш түзуп тажрыйба алмашуу;

Нарын областындагы жумуш берүүчү тараптар менен тегерек стол уюштуруу;

Магистратуранын алкагында илимий практикалык конференцияларды өткөрүү;

Мамлекеттик лицензиялык комиссиядан өтүү жана «Экономика», «Менеджмент», «Филологиялык билим берүү» магистердик багыттарына лицензия алуу;

Эл аралык стратегиялык кызматташууну магистратуранын багыттары боюнча өнүктүрүү, магистранттардын илимий изилдөө иштерине талап кылуучу тараптарды табуу;

Магистратурада окулуп жаткан багыттар боюнча дистанттык окуу формасын ачуу.

Маалыматтык жана уюштуруучулук иштер

  • Эл аралык магистердик борбордогу ар бир адистик жана багыттар боюнча буклеттер иштелип чыгып мекемелерге жылына берилип турат;
  • Магистранттарды кабыл алуу боюнча телевиденияга жарнама жылына берилип турат;
  • Ар бир адистик жана багыт боюнча окуутуучулар жана тапшырган магистранттардын дайын-дарегинин базасы түзүлөт;
  • Магистранттардын окуу көрсөткүчтөрү боюнча анализ жүргүзүлөт;
  • Магистранттар менен системалуу түрдө чогулуштар өтүлүп турат.

Магистратуранын негизги окуу программалары

Магистранттар үчүн даярдалган СИЛЛАБУСТАР