Аккредитацияга даярдык семинары

2019-жылдын декабрь айында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде аккредитацияга даярдануу максатында НМУнун бардык түзүмдүк бөлүктөрүнүн жооптуу кызматкерлери үчүн семинар өткөрүлдү. Семинарды НМУнун окуу башкармалыгы уюштуруп, Дуйшекеев Кубан Дөөткулович алып барды. Семинардын жүрүшүндө талап кылынган бардык критерийлер каралып чыгып, терен маалымат берилди. Катышуучулар керектүү суроолоруна толук жооп ала алышты. Семинардын акырында катышуучулар сертификаттарга ээ болушту. Сүрөттөр