Кафедранын ишмердүүлүгү

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары менен биргеликте кызматташууну кеӊейтүү максатында Борбордук Азия Америкалык университетинин профессору С.К.Кыдыралиев жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору А.Б.Урдалетованын конок лекциялары ФМИ-21 жана ФМО-20 группаларынын студенттерине өтүлдү. Группалардын студенттери жана кафедранын окутуучулары катышышып талкуу ой-пикирлер менен баарлашуу өткөрүлдү. Ал лекцияда Борбордук Азия окумуштуусу Аль Хорезминин «Диофант технологиясы» тааныштырылды.

2021- жыл 22-декабрда С. Нааматов атындагы НМУнун Физика, математика жана информатика кафедрасы тарабынан уюштурулган «Математика» дисциплинасы боюнча факультеттер аралык өткөрүлүүчү олимпиададаөткөрүлүп жеӊүүчүлөр аныкталып, аларды сыйлоо аземи уюштурулду.

  • 1-орун Токтобекова Мээрим АТФ гр ПиЭ-21
  • 2-орун Октиябр уулу Нурсултан АТФ гр ИВТ-21
  • 3-орун Мирлан уулу Эрлан АТФ гр ИВТ-21

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана «Манас» күнүнө карата тил таймаш конкурсуна ФМО-21 группасы катыштып 3- орунду ээледи.

2021-жылдын 29-ноябрында Мурзаибраимова Б.Б. - Кыргыз билим берүү академиясынын табигый — математикалык билим берүүнү модернизациялоо лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери, педагогика илимдеринин кандидаты «Физика боюнча оор татаалдыктагы эсептерди чыгаруу ыкмалары» темасында Нарын областынын физика мугалимдери үчүн 2 күндүк семинар өттү. Ага илимий кызматкер, окутуучулар катышты.

Кафедранын окутуучусу Омуралиева М.Н. информатика предмети боюнча иш чара өткөрдү.

2021-жылдын 14-ноябрында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин 25-жылдыгына карата өткөрүлүүчү «Кыргыз Республикасында физикалык билим берүүнүн мазмунун жана технологияларын модернизациялоо» темасында облусттук илимий-методикалык тегерек стол болуп өттү. Бул иш чара онлайн жана офлайн форматта өткөрүлдү.

Мамбетакунов Э. М. —  КР ИА мүчө-корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору, профессор

Сияев Т.М. —  педагогика илимдеринин доктору, профессор

Нарын областынын мектептеринин физика мугалимдери онлайн, Нарын шаарынын мектептеринин физика мугалимдери офлайн форматта катышышты.

«Физика, математика жана информатика» кафедрасынын кафедра башчысы п.и.к. Макеев Арзымкан Касымовичтин «Дифференциалдык теӊдемелер» аталышындагы окуу китеби дүйнөнүн 9 тилинде жарык көрүп, колдонууга чыгарылды.

https://www.morebooks.de/