Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 2012−2013-окуу жылынан тартып Кыргызстандын жогорку билим берүү системасына аралыктан окутуу технологиялары киргизилген. С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Аралыктан окутуу бөлүмү НМУнун ректорунун 3-май, 2013-жылдагы № 01−12/65 буйругу менен түзүлгөн.
2019-жылы ректордун буйругу менен бөлүм сырттан окутуу департаменти деп аталган.
Департамент университеттеги аралыктан окутуу технологияларын колдонуу менен жүргүзүлгөн окуу процессин уюштуруу, бул процессти камсыз кылуучу маалыматтык технологиялардын сапаттуу иштешин камсыз кылуу, кафедралардын аралыктан окутуу технологиясы боюнча окуу жана окуу-методикалык ишмердигин координациялоо багытында иш алып барат.
Сырттан окутуу департаментинде адистерди даярдоо төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт.