А. Мамбеталиева Эрасмус Проектисинин «TOSCA II» программасынын конференциясында

Герман тилдери кафедрасынын окутуучусу Мамбеталиева А.М. 2016-жылдын 07−11-июнуна чейинки аралыкта ϴзбекстандын Ташкент шаарында Эрасмус Проектисинин «ТОСКА II» программасынын акыркы жолугушуу конференциясында болуп келди. Конференцияда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ушул программанын алкагында мобилдүүлүк менен барып келген окутуучулардын жана студенттердин тажрыйбалары жөнүндө «Benefits and impact of TOSCA 2» деген темада докладын окуп кайтты.