
«Naryn Run 2026» аталыштагы
республикалык чуркоо (кросс) боюнча кичи марафону 2026-жылдын
30-майында Нарын шаарында өткөрүлөт
Калкты сергек жашоого үндөө жана спорт менен машыгууга тартуу,
биримдикти чыңдоо максатында «Naryn Run 2026» аталыштагы
республикалык чуркоо (кросс) боюнча кичи марафону 2026-жылдын
30-майында Нарын шаарында өткөрүлөт (жобосу тиркелет).
Марафонго Кыргызстандын ар аймагынан жана чет өлкөлөрдөн
келген 600 чукул адам катышат деп болжолдонууда.
Старт жаш курактарына жана жынысына жараша өз-өзүнчө берилет.
Жеңүүчүлөргө ноутбук, планшет, телефон, велосипед, самокат, ролик жана
15 000 (он беш миң) чейинки акчалай сыйлыктар берилет (маалымдама
тиркелет). Жалпы сыйлык фонду 350 000 (үч жүз элүү миң) сомду түзөт.
Иш-чаранын жыйынтыгы белгилүү ырчылардын концерттик программасы
менен коштолмокчу.
Кросско катышуучуларды каттоо narynrun.com сайты аркылуу
жүргүзүлөт жана катышуучулар офлайн түрүндө 2026-жылдын 29-майына
чейин каттала алышат. Учурда уюштуруучулар (жаштар өкүлдөрү)
түшүндүрүү иштерин алып барышууда (0706 032 200, 0704 614 246, 0700
127 513).
Ушуга байланыштуу кросско активдүү катышууга жана уюштуруу
иштерине ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү өтүнөмүн. https://narynrun.com
