Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында 2026-жылдын 28−30-май күндөрү «Central Asia GIS Conference — GISCA 2026» эл аралык илимий конференциясы өткөрүлдү. Конференциянын негизги темасы «Geospatial Intelligence for a Digital Earth» болуп, геоинформатикалык системалар жана картография тармагындагы заманбап илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгын комплекстүү талдоо, илимпоздор жана окутуучулар ортосунда кесиптик тажрыйба алмашууга шарт түзүү жана эл аралык илимий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү болуп саналды.

Иш-чара офлайн форматта уюштурулуп, катышуучулар илимий доклад жасашып, секциялык жыйындарда жана тегерек стол талкууларында актуалдуу маселелер боюнча пикир алышышты. Конференциянын иши англис жана орус тилдеринде жүргүзүлүп, илимий дискуссияларга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

GISCA 2026 конференциясы эл аралык статусун эске алуу менен Өзбекстандан тышкары Австриянын Зальцбург (Salzburg) университети, Eurasia-Pacific UNINET, Esri, Leica Geosystems сыяктуу чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын жана алдыңкы компанияларынын өкүлдөрүн бириктирди. Кыргыз Республикасынан аталган илимий форумга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун илим-изилдөөчү окутуучулары катышты.

Конференциянын алкагында аталган окуу жайлардын өкүлдөрү «Analysis of Water Resource Use and River Flow Dynamics in Naryn Region under Climate Change Conditions» «Климаттын өзгөрүү шартында Нарын облусундагы суу ресурстарын пайдаланууну жана дарыя агымынын динамикасын талдоо» темасындагы илимий изилдөөнүн жыйынтыгын постер түрүндө көрсөтүштү. Постерди Техникалык, агрардык жана экологиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Олжобаева Тинатин Муталиповна баяндады.

Изилдөөнүн максаты Нарын облусунун гидрографиялык тармагынын абалын жана климаттын глобалдык өзгөрүү шартында суу ресурстарынын динамикасын 2021−2025 жылдар аралыгында илимий талдоо болуп саналат. Негизги милдет катары климаттык факторлордун дарыялардын агымына тийгизген таасирин баалоо аныкталган.

Изилдөө Нарын облусунун суу ресурстары үчүн маанилүү болгон Он-Арча дарыясынын бассейнине жана Куртка менен Терек дарыяларынын бассейндерине багытталган. Алынган маалыматтар боюнча дарыялардан суу алуунун пландык көрсөткүчтөрү менен иш жүзүндө алынган суунун көлөмү салыштырылып, ишке ашыруу пайызы анализденди.

GISCA 2026 конференциясы катышуучулар үчүн илимий изилдөөлөрдү жайылтуу, жаңы идеяларды талкуулоо жана келечектеги кызматташтыктын багыттарын аныктоо үчүн маанилүү аянтча болду.

Авторлор: Олжобаева Тинатин Муталиповна — окутуучу, Айыпов Барчынбек Карыбекович — окутуучу, Байбагышов Эрмек Муратканович — айыл чарба илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу, Назаркулова Айнура Болоталиевна — география илимдеринин доктору, улук илимий кызматкер, Зальцбург университети, Австрия.

  • Related Posts

    Жумакан Тынымсеитова

    2026-жылдын 21-майда Ж. Баласагын атындагы КУУнун С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасында кыргыз элинин көрүнүктүү акыны жана драматургу Жумакан Тынымсеитованын жаркын элесине бай адабий мурасына арналган «Тандалма 1, Тандалма 2, Поэзия моя-Жар-Птица» аттуу китептеринин бет ачар аземине жана чыгармачылык эскерүү кечеси болуп өттү. Илимий китепкананын директору Кыдыралиева Г. А. иш чаранын максаты менен тааныштырды: жергиликтүү акын эжебизди даңазалоо менен студенттердин китеп окуу маданиятын калыптандыруу, мекенчилдикке тарбиялоо жана китеп окууну алга жылдыруу. Акындын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу даярдалган мазмундуу видео-слайд көрсөтүлдү.

    Иш-чарага өзгөчө көрк берген маанилүү учур катары акындын кызы, И. Раззаков атындагы КМТУнун «Физика» кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору Султаналиева Рая Мамакеевна тарабынан даярдалган видео кайрылуусунда апасы Жумакан Тынымсеитованын чыгармачылык мурасы жана адабияттагы орду тууралуу терең сыймык жана ыраазычылык менен сөз кылды. Ошондой эле китеп жөнүндө баяндамаларды филология илимдеринин кандидаты Исакбаева З.Т. жана педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Эгимбаева Ж.Б. мазмундуу жасап, чыгармалардын көркөмдүк жана тарбиялык мааниси кеңири ачып беришти.

    Окуу жайдын студенттери Бейшекеева А., Аликова М., Ырысбек к.С., Алтымышова Т., Жекшенова А., Жаныбек у. К. акындын китеби менен таанышып, жүрөктөрүнөн орун алган ырларын көркөм окуу түрүндө аткарышты. Акындын замандаштарынын эскерүүлөрүнө илимий китепкананын кызматкерлери токтолуп өттү. Бул кечеге катышкан коноктор Кадыралиева К., Тойгонбаева Н., Бексултанова Ж., Бектурова Р., жаш акын Кудайбергенова С. жана АТЭКтин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мамбеталиева Г. өз сөздөрүндө акындын чыгармачылыгынын айрым учурларын таасирленүү менен айтып беришти.

    Жыйынтыгында Кыдыралиева Г. А. студенттерге окуу жайдын атынан ыраазычылык каттарды тапшырды. Ал эми Султаналиева Рая Мамакеевна тарабынан да атайын сыйлыктар студенттерге ыйгарылды. Ошондой эле китепкананын фондусуна акындын 3 аталыштагы 16 нуска китеби белекке берилди.

    Урматтуу Рая Мамакеевна!

    Сизге жана үй-бүлөңүзгө терең ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз поэзиясына зор салым кошкон апаңыз, акын Жумакан Тынымсеитованын чыгармачылык мурасын аздектеп, элге жайылтуудагы эмгегиңиз абдан баалуу.

    Апаңыздын жаркын элесин сактап, анын адабий дүйнөсүн кийинки муундарга жеткирүүдө анын аркасында өлбөс болуп поэзиясы калды.

    С 18 по 22 мая 2026 года, г. Гамбург (Федеративная Республика Германия) Официально стартовала международная рабочая встреча в рамках проекта Erasmus+ CBHE D-TIDE-KG по развитию цифрового и инклюзивного докторского образования.

    Открытие встречи состоялось на базе Гамбургского университета прикладных наук (HAW Hamburg). С приветственным словом к участникам обратился вице-президент HAW Hamburg, который подчеркнул стратегическую важность укрепления академических и научных связей между университетами Европы и Центральной Азии.

    Ключевым событием первого дня стала презентация вице-президента по научным исследованиям и трансферу технологий HAW Hamburg, профессора, доктора Мартина Шульца. Он представил доклад и возглавил экспертную дискуссию на тему «Результаты анализа потребностей университетов и Министерства образования и науки Кыргызской Республики», основанные на масштабном анкетировании партнерских учреждений.

    Мероприятие объединило представителей полного консорциума участников проекта:

    ● Координатор: Международная высшая школа медицины (МВШМ);

    ● Европейские партнеры: Гамбургский университет прикладных наук (Германия) и Вильнюсский университет (Литва);

    ● Вузы и организации КР: КНУ им. Ж. Баласагына, КНАУ им. К. И. Скрябина, Международный университет Кыргызстана, ОшГУ, КГТУ им. И. Раззакова, ИГУ им. К. Тыныстанова, Нарынский региональный многопрофильный институт им. С. Нааматова, а также Европейский центр документации;

    ● Государственный сектор: Министерство образования и науки Кыргызской Республики.

    В рамках этой площадки представители Нарына успешно презентовали концепцию разработки новой инновационной PhD-программы по направлению «Менеджмент в агропромышленном комплексе (АПК)». В ходе выступления были четко обозначены цели программы, ее значение для подготовки высококвалифицированных научных кадров для аграрного сектора страны, а также долгосрочные перспективы развития совместных международных исследований.

    Участие вуза в данном консорциуме напрямую способствует системному повышению качества образования, внедрению цифровых подходов в докторантуру, а также росту научного потенциала регионов Кыргызстана.

    Representatives of S. Naamatov Naryn Regional Multidisciplinary Institute and J. Balasagyn KNU are participating in the International Workshop of the Erasmus+ CBHE D-TIDE-KG Project in Hamburg

    May 18−22, 2026, Hamburg (Federal Republic of Germany) — The international workshop within the framework of the Erasmus+ CBHE D-TIDE-KG project for the development of digital and inclusive doctoral education has officially commenced.

    The opening of the meeting took place at the Hamburg University of Applied Sciences (HAW Hamburg). The Vice-President of HAW Hamburg addressed the participants with a welcoming speech, emphasizing the strategic importance of strengthening academic and research ties between universities in Europe and Central Asia.

    The key event of the first day was a presentation by the Vice-President for Research and Transfer at HAW Hamburg, Professor Dr. Martin Schulz. He delivered a report and led an expert discussion on «Results of the Needs Analysis of Universities and the Ministry of Education and Science of the Kyrgyz Republic,» based on a large-scale survey conducted among the partner institutions.

    The event brought together representatives of the full project consortium, which includes:

    ● Coordinator: International Higher School of Medicine (IHSM);

    ● European Partners: Hamburg University of Applied Sciences (Germany) and Vilnius University (Lithuania);

    ● HEIS and Organizations of the Kyrgyz Republic: J. Balasagyn Kyrgyz National University (KNU), K.I. Skryabin Kyrgyz National Agrarian University (KNAU), International University of Kyrgyzstan (IUK), Osh State University (OshSU), I. Razzakov Kyrgyz State Technical University (KSTU), K. Tynystanov Issyk-Kul State University (IKSU), S. Naamatov Naryn Regional Multidisciplinary Institute, as well as the European Documentation Center;

    ● Public Sector: Ministry of Education and Science of the Kyrgyz Republic.

    Within this framework, the representatives of Naryn successfully presented the concept for the development of a new innovative PhD program in «Management in the Agro-Industrial Complex (AIC).» During the presentation, the goals of the program, its significance for training highly qualified research personnel for the country’s agricultural sector, and long-term prospects for the development of joint international research were clearly outlined.

    The institution’s participation in this consortium directly contributes to a systematic improvement in the quality of education, the integration of digital approaches into doctoral studies, and the advancement of the research potential in the regions of Kyrgyzstan.

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    GISCA 2026 эл аралык илимий конференциясына катышуу жана илимий иштин жыйынтыгы тууралуу маалымат.

    2025−2026 окуу жылынын «Чет тилдери» кафедрасы тарабынан уюштурулган англис тили боюнча олимпиада

    Представители Нарынского регионального многопрофильного института имени С. Нааматова приняли участие в первом дне study tour проекта D-TIDE-KG в Вильнюсском университете

    «Байлыкты дагы, дөөлөттү дагы самабайм, жалгыз гана кыйбасым болуп, кашымда турсаң болду поэзиям, сулуум, учкулум, жагалмайым.»

    Представители Нарынского регионального многопрофильного института имени С. Нааматова при КНУ имени Ж. Баласагына принимают участие в международной рабочей встрече проекта Erasmus+ CBHE D-TIDE-KG в Гамбурге

    Марафон 2026 narynrun.com