Erasmus+ долбоорлорунун координациялык жыйыны өткөрүлдү
2026-жылдын 20-февралында Кыргыз Улуттук Университетинде (КУУ) Erasmus+ СВНЕ долбоорлорунун, анын ичинде D-TIDE-KG жана GreenCA долбоорлорунун ишке ашырылышын талкуулоо боюнча координациялык жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга КУУ, С. Наамтов атындагы Нарын Мамлекеттик Университети, Кыргыз-Турк «Манас» Университети, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Erasmus+ Улуттук офисинин жана Европа Документация Борборунун өкүлдөрү катышып, жалпы 21 катышуучу чогулду.
Жыйындын негизги темаларына долбоорлордун азыркы абалы, негизги жетишкендиктер, келечектеги иш-чаралар, ички координация механизмдери жана Erasmus+ эрежелери менен сапаттык стандарттарга ылайык иш алып баруу маселелери кирди.
Өзгөчө талкууда Нарын Мамлекеттик Университетинин КУУга кошулушу жана бул институционалдык процесстин учурдагы долбоорлорго тийгизе турган таасири тууралуу маселер каралды.
Жыйынтыгында, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде жүрүп жаткан долбоорлор өз нугунда улантылып, академиялык кызматташтык жана тажрыйба алмашуу иштеринин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында пландалган иш-чаралар ишке ашырыла бермекчи.
