Университеттин илимий изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүгүнүн туруктуу экосистемасын калыптандыруу, илим, билим берүү жана өндүрүштү интеграциялоону камсыз кылуу, илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын коммерциялаштыруу жана университеттин улуттук жана эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
Негизгимаксаттар
Университеттин илимий-изилдөө потенциалын өнүктүрүү.
Эл аралык маалымат базаларындагы жарыялардын саны.
Катталган патенттердин саны.
Коммерциялаштырылган долбоорлордун саны.
Студенттердин изилдөөлөргө тартылуу деңгээли
Аспирантура
Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2002-жылдын 11-февралындагы № 51/1 буйругу менен Нарын мамлекеттик университетинде төмөнкү багыттар боюнча аспирантура ачылган:
01.00.00 — физика-математикалык илимдер; 05.00.00 — техникалык илимдер; 08.00.00 — экономикалык илимдер; 09.00.00 — философия илимдери; 10.00.00 — филология илимдери; 13.00.00 — педагогикалык илимдер.
Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 1245/1-буйругунун негизинде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде төмөнкү адистиктер боюнча докторантура ачылган:
08.00.05 — Экономика жана эл чарбачылыгын башкаруу;
13.00.01 — Жалпы педагогика, педагогиканын жаралышы жана тарыхы;
2023-жылы 15 илимий багыт боюнча аспирантурага жана 4 багыт боюнча PhD докторантурага Лицензия алынды.
Азыркы учурда 19 аспирант окууда
Долбоорлор:
Академиялык инновациялык фонд (АИФ):
«Ат-Башы дарыясынын суу бассейнин түзгөн мөңгүлөрдүн ГИС картасын иштеп чыгуу жана анын климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу келип чыккан көйгөйлөрдөгү ролу»
Санариптик индустрия шартында 3D моделдее жана ачык булактуу аппараттык жанапрограммалык камсыздоо платформасында робототехниканын негизинде (Arduino, Raspberry Pi) окуу-практикалык моделдерди иштеп чыгуу жана апробациялоо.
Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын илимий-педагогикалык курамынын илимий-изилдөө потенциалын изилдөө;
Педагогикалыкжанапсихологиялыкдисциплиналарды 12 жылдык билим беруунун талаптарына ылайыктоо: болочок мугалимдин компетенцияларын калыптандырууга инновациялык методикаларды иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги:
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда айыл чарбасында суу ресурстарын башкаруунун интеллектуалдык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
Климаттын өзгөрүшү шартында башталгыч класстардын окуучуларында экологиялык аң-сезимди жана жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу;
Нарын шаарынын билим берүү мекемелеринде жана медициналык уюмдарында энергоаудит жүргүзүү: энергия натыйжалуулугуна жана туруктуу өнүгүүгө карай жол