
23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата НМУда «Элдин түбөлүктүүлүгү эне тилинде» атуу жолугушуу кечеси өттү
19-сентябрда НМУда 23-сентябрь «Мамлекеттик тил күнүнө» карата «Элдин түбөлүктүүлүгү эне тилинде» деген темада акын, жазуучулар менен жолугушуу кече болуп өттү. Жолугушууга акын, журналист, юрист Ж. Саалаев, жазуучу К. Сыдыкова, КРнын улуттук китеп палатасынын директору К. Момункулов катышты. Жолугушууну НМУнун ректору п.и.д., профессор Т.М.Сияев ачып, меймандар менен студенттерди тааныштырып, жолугушуунун максатына кенири токтолду. Ошондой эле кечеге онлайн режиминде окутуучулар жана студенттер катышышты. Жолугушууда мамлекеттик тилдин баалуулугу тууралуу жазуучу К. Сыдыкова кенири токтолду. Акын Ж. Саалаев өзүнүн ырларынан көркөм окуп берди. НМУнун студенттери да өздөрүнүн калемине таандык ырлары менен тааныштырышты. Студенттер тарабынан эне тили боюнча көп ырлар көркөм окулду. Жолгушууда НМУнун окутуучу Р. Саркелдеева кеченин конокторуна арналган автордук ырларын окуп берди. Жолугушуу студенттердин аткаруусундагы чопо чоор ойноосу менен коштолду. Жыйынтыгында, акындар менен окутуучулардын жана студенттердин ортосунда кыргыз тилинин баалуулугу, түбөлүктүүлүгү, актуалдуулугу белгиленип, активдүү пикир алмашуу болду. Келген меймандарга ректор тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды. Жолугушууда акындар НМУнун илимий китепканасына өздөрүнүн китептерин белекке беришти.