



2025−2026-окуу жылында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С. Нааматов атындагы көп тармактуу институтунун Филология факультетинин «Чет тилдери» кафедрасы тарабынан факультеттер аралык жана Англис тили жана адабияты адистигинде окуган студенттер арасында англис тили боюнча олимпиада өткөрүлдү.
Олимпиада 2026-жылдын 23-апрелинде уюштурулуп, студенттердин англис тили боюнча билим деңгээлин, сүйлөө жөндөмүн жана коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды. Таймаш үч турдан турду:
Тесттик тапшырмалар;
Угуу көнүгүүлөрү (Listening);
Оозеки тапшырмалар жана берилген темалар боюнча сүйлөө.
Факультеттер аралык студенттер үчүн жана Англис тили жана адабияты адистигинде окуган студенттер үчүн тапшырмалар алардын деңгээлине жараша өзүнчө даярдалды.
Олимпиаданын комиссия мүчөлөрү болуп кафедранын Тынчтык корпусунун волонтеру Жейкоб Ларсон, кафедранын ага окутуучулары Мамбеталиева А.М. жана Жапарова К.Э. кызмат кылышты.
Олимпиаданын жыйынтыгы 2026-жылдын 29-майында чыгарылып, жеңүүчүлөргө орундар ыйгарылды. Ошондой эле катышуучуларга кызыктыруучу белектер, ал эми активдүү катышкан студенттерге сертификаттар тапшырылды.
Сыйлоо аземинде «Чет тилдери» кафедрасынын башчысы Эгимбаева Ж.Б. комиссия мүчөлөрү менен биргеликте студенттерге сертификаттарды жана сыйлыктарды тапшырып, алардын мындан аркы окууларына ийгиликтерди каалады.
Бул олимпиада студенттер үчүн өз билимдерин сынап көрүүгө, англис тили боюнча көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана чет тилдерин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырууга жакшы мүмкүнчүлүк болду.
