Бүгүн, 13-апрелде Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинде, «Сайма жана белдемчи» аттуу илимий-практикалык көргөзмө өткөрүлдү. Көргөзмөдө кыргыз элинин улуттук кийим-кечелерине кирген белдемчилер көрсөтүлүп, салттуу кол өнөрчүлүктүн нускасы болгон сайма боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Мындан сырткары НМУнун окутуучусу М. И. Молдалиева «Ата-бабадан келе жаткан, шөкөттөлгөн кийим — белдемчи» темасында илимий баяндама жасады. Илимий-практикалык көргөзмөнүн аягында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен Нарын […]
НМУ менен БАУнун ортосундагы кызматташуунун перспективалык пландары талкууланды.
2023-жылдын 12-апрелинде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Э. М. Байбагышов Борбордук Азия университетинин (БАУ) Өнүктүрүү жана коомчулук менен байланыштар боюнча жаңы дайындалган директору Малик Котадиа менен жолугушту. Нарын облусундагы бул жогорку окуу жайлар тоолуу университеттердин кызматташуусу боюнча түзүлгөн меморандумдун негизинде өз ара тыгыз иштешип келе жатышат. Жолугушууда НМУнун окуу борборлоруна экскурсия жасалып, долбоорлор боюнча аткарылган иштер тааныштырылып, НМУ […]
Меморандумга кол коюлду
2023-жылдын 10−11-апрелинде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Байбагышов Эрмек Муратканович эки олуттуу уюм менен университеттин Инновациялык агро борбору менен бирге иш алып баруу боюнча меморандумга кол койду. Биринчи кызматташуу меморандуму Экологиялык продуктыларды өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Асаналиев Турусбек Үсенбекович менен түзүлүп, келечекте бирге иштешүү үчүн пландар талкууланды. Экинчи меморандум Абдырайым уулу Шабдан жетектеген санариптик өнүктүрүү жана креативдик экономика башкармалыгы менен […]
«Акыл-Ордо» таймашы
Бүгүн, 4-апрелде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин агрардык- техникалык факультетинде информатиктер күнүнө карата маалыматтык технологиялар кафедрасы тарабынан уюштурулган «Акыл-Ордо» таймашы болуп өттү. Таймашка НМУнун бардык факультеттеринин жана колледждеринин студенттери катышышты. Таймаштын максаты студенттерди тереӊ билим алууга, атаандаштыкка, өз ара достукту бекемдөөгө багыттоо болуп саналат. Аталган таймаш жогорку деңгээлде өтүп, жыйынтыгында агрардык-техникалык факультеттин студенттеринен куралган «Барчын» командасы 1-орунду, филология факультетинин […]
«Студенттердин инновациялык технологиялык идеяларын өнүктүрүү (университет 4.0 моделинин алкагында)» аттуу III студенттик илимий-практикалык конференция.
2023-жылдын 4-апрелинде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинин чет тилдери кафедрасы тарабынан, жаш окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты Салмакеева Назгүлдүн жаркын элесине арналган «Студенттердин инновациялык технологиялык идеяларын өнүктүрүү (университет 4.0 моделинин алкагында)» аттуу III студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Аталган конференцияга Борбордук Азия университетинин социалдык жана гуманитардык илимдер кафедрасынын жетекчиси Станислав Загороднев жана компьютердик илимдер кафедрасынын доценти Дмитрий Зубов студенттери […]