Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата С. Нааматов атындагы НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасында адабий музыкалык поэзия кечеси болуп өттү. Кечеде НМУнун окутуучулары Б. М. Биймурсаеванын жана Р. К. Саркелдееванын чыгармачылыгы чагылдырылды. Алардын калемине таандык ырларынан көркөм окуу жана сөздөрүнө жазылган обондуу ырлар жаңырды. Акын эжекелерибиз сүйүү, ата-эне, туулган жер тууралуу ырларын окуп беришти. Ошондой эле экинчи бөлүктө С. […]
Ачык эшиктер күнү болуп өттү.
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде, мектепокуучуларына арналган Ачык эшиктер күнү болуп өттү. Иш-чарага Нарын шаарындагымектептеринен 11- жана 9-класстарынын окуучулары келип катышышты. Ошондой элеуниверситеттин кафедра башчылары ар бир даярдоо багыты боюнча кеңири маалымат берип, көргөзмөлөр менен тааныштырышты. Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган ыр-бийлер мененкоштолуп, жыйынтыгында окуучулар НМУнун илимий китепканасына, С. Нааматовдун музейинежана окуу корпустарына экскурсия кылышты.
Конституция мамлекетибиздин баш мыйзамы
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагыилимий китепканасынын № 1,2 окуу залдарында КРнын Конституциясынын кабылалынгандыгынын 30 жылдыгына карата студенттер менен тегерек-стол маектери өттү.Маектерге Нарын облусунун юстиция башкармалыгынын начальниги Х. А. Шералиев, КРнын акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укутуу өкүлү Н. Т. Андабековкатышып, Конституциянын маани-мазмуну туурасында кеӊири маалыматтарды беришти. Студенттер өздөрүн кызыктырган бир катар суроолоррго жоопторду алышты. Китепкананын директору Г. А. Кыдыралиева маектин негизги максаты […]
Агрардык жана техникалык факультетинин окутуучулары Латвия айыл-чарба университетинде
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык жана техникалыкфакультетинин алты окутуучусу Латвия айыл-чарба университетинде Эрасмус+ АгроДевдолбоорунун алкагында кесиптик билимин жогорулатышты. Иш сапар учурунда, айыл-чарбаазыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү багытында лекциялар, лабараториялык иштер жанамастер класстар өтүлдү. Жыйынтыгында ар бир мамлекеттин өкүлдөрү улуттук тамак-аштардынжазалуу технологиялары боюнча мастер класс көргөзүштү. НМУнун атынан «Ун азыктарын кайраиштетүү» предметине байланыштуу окутуучу Ажыбаева Айсалкын кыргыздын улуттук тамак-ашынын бири «Боорсок» жасоо технологиясын […]
«Студенттин өз алдында иши» конкурсу болуп өттү.
Бүгүн, 14-апрелде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Студенттин өз алдында иши» конкурсу болуп өттү. Конкурска окутуучулардан комиссия түзүлүп, университеттин бардык факультеттеринин, Чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо колледжинин жана Нарын педагогикалык колледжинин студенттери катышышты. Конкурстун максаты, студенттерди илимий изилдөө иштерине тартуу, окуп жаткан илим-билимин практикага айкалыштырууга үйрөтүү болуп саналат. Конкурста студенттер өздүк иштерин презентация жасап, андан тышкары өздөрү жасаган […]