2017-жылдын 28-декабрында Нарын мамлекеттик университетинде «Кыргыз Республикасын 2018−2040-жылдарда туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы. Таза коом. Жаӊы доор» стратегиялык документинин долбоору талкууланды. Ачык талкууга университеттин «Экономика жана бухгалтердик эсеп», «Финансы жана менеджмент», «Тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү» кафедраларынын окутуучулары, университеттин жетекчилиги жана студенттик жамааттын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар өнүгүү стратегиясынын долбоору боюнча өз пикирлерин айтышып, талкуу ачык-айрым аӊгемелешүү форматында жүрдү. Маектешүүнүн жүрүшүндө стратегиянын […]
«Мидин-100» фондунун төш белгиси ыйгарылды
2017-жылдын 19-ноябрында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Мидин-100» фондунун өкүлү Асаналиев Замир Асаналиевичтин университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Замир Асаналиевич М. Алыбаевдин 100-жылдыгына карата 3 томдук китеби басылып чыккандыгын маалымдап, анда акындын эл оозунда айтылып жүргөн чыгармалары, мурунку чыгармаларынын ондолуп жасалган жаңы варианттары киргендигин айтып өттү. Мындан сырткары, Замир Асаналиевич республикадагы алгачкылардан болуп ишке кирген «Объектив» интернет […]
Нарын мамлекеттик университети Кастамону университети менен кызматташат
2017-жылдын 19-декабрында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине Турциянын Кастамону университетинин ректору профессор Сейит Айдын жетектеген делегация официалдуу визит менен келди. Бул визиттин негизги максаты эки университеттин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюу. Алгач Кастамону университетинин ректору профессор Сейит Айдын мырза НМУнун профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, анда мейман катышуучуларга Кастамону университети жөнүндө кеңири маалыматтарды берип, НМУ менен мындан ары кызматташууга кызыктар […]
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде студенттер менен жумуш берүүчүлөрдүн жолугушуусу болуп өттү
2017-жылдын 12-декабрында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Орто жана кесиптик билим берүү мекемелери менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору» аталышындагы кызматташтык форуму болуп өттү. Форумдун ачылышы Нарын шаардык искусство мектебинде болуп, ага Академиялык алмашуулардын Герман кызматынын өкүлү профессор Нейгебауэр, университеттин ректору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловна, университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана Нарын шаарындагы алгылыктуу мекемелеринин айрым өкүлдөрү катышышты. Форумдун […]
Визит директора Корпуса Мира в Кыргызстане Боба Гловера в Нарынский государственный университет имени С. Нааматова
29 ноября 2017 года директор Корпуса Мира в Кыргызстане Боб Гловер прибыл визитом в Нарынский государственный университет имени С.Нааматова. В ходе встречи с ректором НГУ Дамирой Омуралиевой обсуждались дальнейшие шаги сотрудничества с Корпусом Мира и деятельность волонтеров в НГУ. Далее Боб Гловер встретился со студентами НГУ, во время которой поделился с впечатлениями о городе Нарын. Жанара Байтуголова, начальник отдела международных связей, отметила, что центр Американистики и Европейских исследований был основан совместными усилиями сотрудников […]