








С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде 2026-жылдын 15-апрелинде «Студенттик демилге — 2026: Жаштар — илим жана коомдун өнүгүшүндө» аттуу студенттик илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.
Илимий иш-чаранын негизги максаты — студенттердин илимий-изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттыруу, алардын чыгармачылык жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле жаш окумуштуулардын ортосунда тажрыйба алмашууга шарт түзүү болуп саналат.
Конференцияны университеттин Илим, инновациялар жана эл аралык байланыштар боюнча проректору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент А.Э. Сарбагышова ачып, катышуучуларга куттуктоо сөз сүйлөдү.
Конференцияга университеттин, колледждердин студенттери, мектеп окуучулары активдүү катышып, өздөрүнүн изилдөө иштерин сунушташты. Катышуучулар заманбап илимий багыттар боюнча баяндама жасап, актуалдуу маселелерди көтөрүп чыгышты.
Иш-чаранын алкагында төмөнкү 5 секция иш алып барды:
• 1-секция: Инновациялык технологиялар жана санариптик трансформация
• 2-секция: Экологиялык коопсуздук жана табигый ресурстардын мониторинги
3-секция: Билим берүүнүн жана тарбиялоонун заманбап парадигмалары
• 4-секция: Аймакты өнүктүрүүнүн экономикалык механизмдери
• 5-секция: Гуманитардык изилдөөлөр жана маданий мурастарды сактоо.
Конференциянын жүрүшүндө активдүү талкуулар жүрүп, катышуучулар өз ара пикир алышып, жаңы идеялар менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Жыйынтыгында мыкты баяндамалар белгиленип, катышуучулар I, II, III-даражадагы дипломдор, сертификаттар жана кызыктыруучу белектер менен сыйланды.
Бул иш-чара студенттер үчүн илимий чөйрөгө аралашуунун маанилүү кадамы болуп, алардын келечектеги илимий жана кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түздү.
Илим жана инновациялар борборунун маалыматынан.