Uncategorized

С. Нааматов атындагы НМУ 2021-окуу жылына күндүзгү жана сырттан окуу формаларына аспирантурага (бюджеттик жана контракттык негизде) кабыл алуу жарыялайт
Кабыл алуу төмөнкү адистиктер боюнча жүргүзүлөт:
- 13.00.00 — педагогика илимдери
- 08.00.00 — экономика илимдери
- 10.00.00 — филология илимдери
Документтерди кабыл алуу 2020-жылдын 15- ноябрынан 15-декабрына чейин жүргүзүлөт.
Аспирантурага тапшыруу үчүн документтердин тизмеси:
- Паспорттун ксерокөчүрмөсү.
- Ректордун атына арыз.
- Жогорку билими тууралуу Дипломдун жана анын тиркемесинин (транскриптинин) оригиналы же наториустан күбөлөндүрүлгөн ксерокөчүрмөсү.
- Кадрлардын эсеби боюнча өздүк баракча 4×6 өлчөмүндөгү фотосүрөтү менен (1 даана)
- 3х4 өлчөмүндөгү фотосүрөт (1шт.)
- Эмгек китепчесинин ксерокөчүрмөсү.
- Иштеген жеринен аспирантурага мүнөздөмө-сунуш.
- Тандап алган адистиги боюнча илимий реферат (20−25 барак) же жарыяланган илимий макалалардын тизмеси жана 1 макаланын ксерокөчүрмөсү
- Болжонуп жаткан илимий жетекчинин рефератка пикири.
- Илимий жетекчинин аспирантка жетекчилик кылууга маакулдук каты.
- Каттоо 470 сом.
Кошумча маалымат алуу үчүн магистратура, аспирантура жана докторантура борборуна кайрылыныздар.
Тел.: 708 859 022
администратор
0