2020-жылдын 7-майында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу Н.М. Нуралиева жана бухгалтердик эсеп жана аудит адистигинин студенттери Адинай Мырзабекова, Элнура Баямановалар М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети тарабынан «2020-жыл-Кыргыз Республикасында аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылынын алкагында уюштурулган жаш илимпоздордун жана студенттердин республикалык он-лайн илимий-практикалык конференциясында катышышты. Катышуучулар, санариптештирүү шартында эл аралык стандарттар боюнча бухгалтердик эсеп, анализ жана аудитти өркүндөтүү маселелери жөнүндө баяндамалар менен таанышышты.