Кош келиңиз, абитуриент!

Урматтуу бүтүрүүчү!!!

Ар бир инсандын бул турмуштагы маанилүү тандоосунун бири — кесип тандоо болуп саналат. Себеби, аныкталган кесипке ээ болуу менен гана ар бир инсан социумда өзүнүн ордун табат жана коомдогу статусун аныктайт. Кадырлуу бүтүрүүчү, сиз кесип тандоодо үч негизги факторду эске алыңыз:

  1. Келечектеги кесибиңиз сиздин жөндөмүңүзгө, шыгыңызга жана ички каалооңузга төп келиши абзел.
  2. Тандаган кесибиңиз престиждүү жана өзүңүздүн кызыгууну пайда кылышы шарт.
  3. Сиз тандаган жогорку окуу жайы беделдүү болуу менен бирге мамлекеттик стандарттын алкагында сапаттуу адистерди даярдап чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө толугу менен ээ болушу керек.

Теңир-Тоодо жайгашкан Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, биринчиден, 2010-жылы Европанын Бизнес Ассамблеясынын Эл аралык «Европалык Сапат» премиясына татыктуу болгон, экинчиден, 2011-жылы өлкөбүздүн билим берүү системасына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Үчүнчүдөн, 2020-жылы Эл аралык көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтингди аныктоо агенттиги (НААР) жүргүзгөн Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын рейтингинде алдыңкы орундарды камсыз кылды. Төртүнчүдөн, эл аралык жана республикалык деңгээлдеги академиялык мобилдүүлүктү эң жогорку деңгээлде жүргүзө алды.

Урматтуу бүтүрүүчү! Сизди Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен билим алууга чакырам. Бизде инсанга багытталган педагогикалык технология киргизилген. Сиз терең билимге жана компетенттүүлүккө изденүү менен ээ болосуз. Сиздин каалооңузга жараша адистештирилген дисциплиналарды чет тилинде дагы окутабыз. Мындан тышкары, университетибиз сиздин шыгыңызды, талантыңызды өркүндөтүүгө ар тараптан шарт түзөт. Белгилей кетүүчү факт, университетте контракттык келишим менен окуунун наркы төмөн жана окуунун мыктыларына жеңилдиктер каралган.

Кадырлуу бүтүрүүчү!!! Биздин университетибиздин эң негизги өзгөчөлүгү - бул педагогикалык процессте окутуучу менен студент өнөктөш катары кабыл алынгандыгы болуп саналат. Биз биримдикте гана ар тараптуу ийгиликтерге жетише алабыз!!! Биздин куттуу университетибиздин чакырыгы төмөнкүдөй:

Теңир-Тоо сыймыгы биздин университет,

Терең билим, аруу тилек, кенен келечек!!!

Урматтуу бүтүрүүчү!!! Биз сизди Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен күтөбүз!!!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *