↑ Вернуться: Абитуриентке

С.Нааматов атындагы НМУ жөнүндө.

Нарын мамлекеттик университети бийик тоолуу жергебизде 1996-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Нарын айыл чарба техникумунун, Мамбетакунов Кадырбай атындагы педагогикалык окуу жайынын, облустук мугалимдердин билимин жогорулатуу институтунунжана Кыргыз архитектуралык курулуш институтунун облустук филиалынын базасында Нарын шаарында ачылган.        

Университеттин ачылышы Нарын эли үчүн чоң сыймык болуп, республикага керектүү жогорку билимдүү кадрларды даярдоо менен гана чектелбестен, калктын социалдык – маданий маселелерин чечүүгө да салым кошту.                                                                                                  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы Токтомуна ылайык Нарын мамлекеттик университетине Сатыбалды Нааматовдун ысымы ыйгарылган.                                                               

Сатыбалды Нааматов кыргыз интеллигенциясынын 20-30-жылдардагы алгачкы билимдүү өкүлдөрүнүн бири, ал бир нече окуу китептеринин автору катары өлкөдөгү сабатсыздыкты жоюу, социалдык-маданий, агартуу тармагына эбегейсиз салымын кошкон инсан катары белгилүү.                      

Окуу жайда 3 профессор, 23 доцент, илимдин 5 доктору жана 40тан ашык илимдин кандидаттары, бардыгы 142 окутуучу эмгектенет. Университетте жыл өткөн сайын билим алып жаткан студенттердин саны жана сапаты жогорулап, аларга жараша окутуучулардын курамы жана окумуштуулук даражалары да өсүп, Нарын жергесинде бирден бир билим берүүнүн, илимдин, маданияттын булагына айланды.                      

Азыркы убакта Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде күндүзгү бөлүмдө төрт факультет: агрардык-техникалык факультети, педагогикалык факультети, экономика, бизнес жана башкаруу факультети, филология факультети, Дистанттык жана үзгүлтүксүзбилим берүү факультети бар.      

Булардан сырткары университеттин алдындагы Нарын педагогикалык колледжи, агрардык-экономикалык колледж, мугалимдердин билимин өркүндөтүү борбору облуска керектүү адистерди даярдоодо жана кадрлардын билимин өркүндөтүүдө көптөгөн ийгиликтерге ээ болууда.        

Университет ачылганда бир гана окуу имаратына ээ болсо, азыркы убакта төрт окуу имараты, «Соң-Көл» жаштар жана студенттер маданият сарайы, бардыгы болуп беш окуу жана бир маданий-массалык иштерди өткөрө турган имараттарга ээ.                                                                  

Ар бир факультетте заманбап компьютердик класстар иш алып барууда. Бардык компьютерлер интернет түйүндөрүнө кошулгандыктан профессордук-окутуучулук жамаат жана студенттер үчүн кенен мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.                                                                    

Профессордук-окутуучулук курамды жана студенттерди үзгүлтүксүз тейлеген илимий китепкана 2 абонемент, 2 жалпы окурмандар залы, мезгилдүү басмалар жана илимий маалыматтар залы жана электрондук окуу залы­нан турат. Бүгүнкү күндө илимий китепканада жүз миңге жакын ар түрдүүбагыттагы адистиктердин окуу китептери жана Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн борборлорунун фондусун кошкондо 130 миңденашуун китеп фондусу бар. Россиядан чыгып жаткан 20дан ашык ар түрдүү багыттагы илимий журналдар келип турат. Мындансырткарыуниверситеттин 58 окутуучу-окумуштууларынын 139 окуу программалары жанаметодикалыкколдонмокитептери бар.                                                             

Университеттин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик мекемелерде, жеке компанияларда, билим берүү жана тарбия мекемелеринде, айыл чарба тармактарында, электр жана жылуулук берүүчү ишканаларда, банктарда, байланыш түйүндөрүндө, транспорт тармактарында, тоо-кен өндүрүшүндө, саламаттык сактоо тармагында, массалык-маалымат каражаттарында эмгектенип келишет.

Биздин сыйлыктар