Окуу- методикалык иштери

2015−2016-окуу жылында жалпысынан кафедрага 9792,60 саат окуу жүгүн аткаруу пландалган. Кафедра мүчөлөрү негизинен өздөрүнө белгиленген окуу жүктөрүн аткарышты. Кафедранын окуу иштери кафедра башчысы тарабынан көзөмөлдөнүп, айрым кызматкерлер жүйөөлүү себептер менен жок болуп калган учурларда алардын сабактары башка кызматкерлер тарабынан алмаштырылып турулду. Окуу иштери боюнча олуттуу тартип бузуулар катталган жок. Окуу ишиндеги оң-терс көрүнүштөр кафедранын жыйынында талкууланып турулду.

Ноябрь айында кафедра башчысы Арыпбекова Д.Д. мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунда орус тили жана адабияты мугалимдерине «Методика обучения дискуссионному общению на русском языке» аттуу темада лекция окулду.

2015−2016-окуу жылынын жарым жылдыгына карата кафедрада төмөнкүдөй окуу-методикалык иштер аткарылды:

а) Бардык дисциплиналардан силлабустар, календарлык-тематикалык пландар, иш программалары жаңыртылды;

б) Модулдук, финалдык экзамен-зачеттук суроолор жаңыртылды;

в) Студенттин өз алдынча иштөөсүнүн тематикалары жаңыртылды;

г) Бүтүрүү квалификациялык иштеринин тематикасы аныкталды жана бекитилди;

д) Курстук иштердин тематикасы жаңыртылды, бекитилип, айрым курстар аткарып, корголду;

е) Кафедранын иш планы жана кураторлордун иш планы бекитилди;

ж) IV-курстун Р-12, Кит-12 группаларынын педагогикалык практикасынын жетекчилери Касаболотова Г. А., Болотбекова А.Б. тараптан отчет берилди.