Re. Act

Re.Act долбоору — Калыбына келүүчү энергия булактары: Борбордук Азиядагы жогорку билим үчүн суу жана энергетикалык ресурстардын туруктуу аракеттери боюнча өнөктөштүк

Өнөктөштөр:

1. Ингольштатт техникалык университети (ИТУ, Германия) — Координатор (Грант алуучу)

2. «Ирригация инженери жана айыл чарба механизаиясы Ташкент институту« улуттук изилдөө университети (ТИИИМСХ, Өзбекстан)

3. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети (НМУ, Кыргызстан)

Долбоордун убактысы:

январь 2024-жылдан — декабрь 2027-жылга чейин

Долбоордун максаты — сууну тазалоо процесстерине кайра калыбына келүүчү энергия булактарын интеграциялоо аркылуу туруктуулукту илгерилетүү жана энергия керектөөнү азайтуу.

Бул интеграция энергияны үнөмдөө, чыгымдарды азайтуу жана ийкемдүүлүктү жогорулатуу сыяктуу артыкчылыктарды камсыз кылуу менен күн энергиясы менен иштеген насостор, тузсуздандыруучу станциялар жана саркынды сууларды тазалоочу курулмалар сыяктуу кайра калыбына келүүчү энергия технологияларын колдонууну камтыйт.

Долбоор үч негизги принциптер боюнча курулган:

q Биринчиден, бул ар түрдүү тармактардагы кызыкдар тараптарды тартуу үчүн RE. Act форумун түзүү. Бул форум кайра жаралуучу энергия тармагында кызматташуу, билим алмашуу жана өнөктөштүк үчүн аянтча катары кызмат кылат.

q Экинчиден, долбоорго катышкан билим берүү уюмдарында кайра калыбына келүүчү энергия булактарын окутуунун деңгээлин жогорулатууну колдоого багытталган. Бул окуу программаларын иштеп чыгууну жана жаңылоону, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну, практикалык тажрыйбаны жана практикалык изилдөөлөрдү окутуу процессине интеграциялоону камтыйт.

q Үчүнчүдөн, долбоор дисциплиналар аралык мамилеге басым жасоо жана катышуучу мекемелердин биргелешкен илимий иш-аракеттерин кубаттоо менен суу жана энергия ресурстарынын өз ара аракеттери чөйрөсүндөгү изилдөө потенциалын бекемдөөгө багытталган.

Күтүлүүчү натыйжалары:

Суу жана энергия ресурстарынын өз ара аракеттери концепциясы алардын өз ара көз карандылыгын жана өз ара байланышын тааныйт, мында бир системадагы өзгөрүүлөр экинчи системага олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн.

Өзбекстан менен Кыргызстанды камтыган Борбордук Азиядагы энергия инфраструктурасынын эскилиги, энергияны үнөмдөө жана суунун тартыштыгына байланыштуу көйгөйлөргө туш болууда. Эки өлкө тең суу ресурстарын башкаруу жана ага жетүүгө байланыштуу көйгөйлөргө туш болуп, тез арада чара көрүү зарылдыгын белгилешти. RE. Act долбоору — бул көйгөйлөрдү суу жана энергетика тутумдарынын өз ара байланышкан мүнөзүн баса белгилеген комплекстүү академиялык ыкма аркылуу чечүүнү көздөйт. Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун бир нече Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ), анын ичинде ТӨМ 6 (Таза суу жана санитария), ТӨМ 7 (Жеткиликтүү жана таза энергия), ТӨМ 9 (Өнөр жай, инновация жана инфраструктура) жана ТӨМ 13 (Климат аракеттери) шайкеш келет. Суу жана энергия ресурстарынын өз ара аракеттери ыкмасын саясатка жана ишке ашырууга интеграциялоо менен долбоор бир эле учурда бир нече ТӨМ алдыга жылдырууну көздөйт.

ТИИИМСХ, НМУ жана ИТУ ортосундагы өнөктөштүк суу жана энергия ресурстарынын өз ара аракеттерине өзгөчө көңүл буруп, кайра калыбына келүүчү энергия багытында билим берүүнү жана изилдөөнү өркүндөтүү боюнча биргелешкен милдеттенмени көрсөтөт.

Бул үч тараптуу кызматташуу аркылуу долбоор көйгөйлөрдү чечүүгө жана Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүүгө салым кошууга багытталган.