• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25
Китепканачылар үчүн окуу семинары өткөрүлдү

Китепканачылар үчүн окуу семинары өткөрүлдү

Нарын университетинин алдындагы Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканасында Мугалимдердин билимин өркүндөтүү борборуна курска келген райондук-шаардык мектептердин китепканачылары үчүн «Заманбап китепканалык иш-чаралар» аттуу окуу семинары өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө окурмандардын китепканадан пайдалануу эрежелери, тейлөө бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү, актуалдуу темалар жана белгилүү даталарга карата уюштурулган иш-чаралардын түрлөрү, аларды уюштуруу, китеп топтоо жана иштеп чыгуу, электрондук бөлүмдүн ишмердүүлүгү, системалык-алфавиттик каталог маселелери боюнча кеңири маалымат берилди. Илимий […]

Индиянын Кыргызстандагы элчиси Нарын университетинде

Индиянын Кыргызстандагы элчиси Нарын университетинде

2019-жылдын 6-февралында Индия мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри жана элчиликтин кызматкери Вишал Гойнди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Кайыповдун коштоосунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде кызматтык ишсапар менен болушту. Университеттин окуу иштери боюнча проректору Чолпонбаев Азиз Карыбекович конокторду жылуу кабыл алып, университеттин билим берүү системасы менен тааныштырды жана бүгүнкү күндө Нарын университетинин […]

KyrMedu долбоорунун алкагында Германияга иш-сапар

KyrMedu долбоорунун алкагында Германияга иш-сапар

KyrMedu долбоорунун алкагында 2019-жылдын 21−25-январь күндөрү Германиянын Цвикау университетинде жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Кыргызстандын жети жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү: координаторлору жана ректорлору катышышты, НМУнун атынан ректор проф. Д.К.Омуралиева жана долбоордун менеджери Э.М.Байбагышов катышышты. Жолугушуу учурунда катышуучулар Цвикау университетинин информатика жана биомедициналык техника боюнча лабораториялары менен таанышышты, ошондой эле нур-терапиясы жана радиоонкология, оптикалык ченегич техникалары менен таанышуу болду. Катышуучулар жолугушуунун алкагында […]

Нарын университетинин шахматисттери мелдештен жеӊиштүү кайтышты

Нарын университетинин шахматисттери мелдештен жеӊиштүү кайтышты

2019-жылдын 21−25-январында Бишкек шаарында Кыргыз-Турк «Манас» университетинин ректорлугунун жана Борбордук Азия университеттеринин ассоциациясынын Кубогу үчүн шахмат боюнча өткөрүлгөн мелдешке Нарын мамлекеттик университетинин өкүлдөрү ийгиликтүү катышып келишти. Аталган мелдешке Кыргызстандын 14 жогорку окуу жайы катышты. Мелдешке катышууга Нарын мамлекеттик университетинин студенттери Токтожусуп уулу Самат, Ажыгулов Нурмат, Медетбекова Бермет жана Садыкова Айпери жолдомо алышып, аларды шахмат боюнча машыктыруучу, педагогика илимдеринин кандидаты Макеев […]

Кызматташтыктын максаты — билим сапатын жогорулатуу

Кызматташтыктын максаты — билим сапатын жогорулатуу

28-ноябрь, 2018 жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Нарын университети менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору» деген аталыштагы кызматташтык форуму өткөрүлдү. Форумга Нарын шаарынын мекеме-ишканаларынын жетекчилери, адистери, саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Чакырылган коноктор студенттер менен жолугушууга катышып, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти. Студенттер менен жолугушуудан кийин иш берүүчүлөр «Агрардык-техникалык дисциплиналар» жана «Маалыматтык технологиялар» кафедраларында уюштурулган тегерек столго катышты. […]

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!