• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25
НМУнун студенттери жана окутуучулары тарыхый жерлерде экскурсияда

НМУнун студенттери жана окутуучулары тарыхый жерлерде экскурсияда

1-май 2019-жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери Кыргызстандын аймагында жайгашкан тарыхый жерлерге экскурсияга чыгышты. Тарыхый жерлер жана музейлер жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ. Бекеринен чет мамлекеттерде, өзгөчө АКШда TWHP концепциясын (Тарыхый жерлер аркылуу окутуу) киргизбесе керек. Мына ушундай багытта студенттерди тарыхый жерлер жана музейлер менен тааныштыруу максатында […]

НМУнун окутуучулары Ош шаарында эл аралык конгрессте болуп кайтышты

НМУнун окутуучулары Ош шаарында эл аралык конгрессте болуп кайтышты

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Табигый-илимдик билим берүү» кафедрасынын окутуучулары 2019-жылдын 21−23- апрелинде Ош шаарында болуп өткөн Түрк дүйнөсүнүн табигый илимдер жана медицина боюнча I-эл аралык конгрессине катышып келишти. Аталган конгресске Туркия, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан мамлекеттеринин өкүлдөрү катышышты. Жыйынтыгында, Нарын мамлекеттик унивеситетинин окутуучуларынын эки макаласы жарыяланды. Сүрөттөр

С. Нааматов атындагы НМУнун проф.м.а., т.и. к. А. Бектемирова «Россия Мамлекетинин театралдык тарыхы» деген темада Санкт-Петербургда болуп өткөн XVI билим берүү программасына катышып келди

2019-жылдын 10-апрелинен 21-апрелине чейин Санкт-Петербургда чет өлкөлөрдө жашашкан мекендештер үчүн, Россиянын тарыхы боюнча «Россия Мамлекетинин тарыхы» (Маданий-тарыхый университет) XVI билим берүү программасы болуп өттү.Ага С. Нааматов атындагы НМУнун педагогика факультетинин тарых, социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын проф.м.а., т.и. к. А. Бектемирова катышып келди XVI программага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн: Азербайжан, Армения, Белоруссия, Болгария, Германия, Греция, Грузия, Дания, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Молдова, […]

Жолугушуу поэзия кечеси «Жердеш акындар»

Жолугушуу поэзия кечеси «Жердеш акындар»

С. Нааматов атындагы НМУнун Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканасында 23-апрель «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук» кунүнө карата 18-апрель 2019-жылы «Жердеш акындар» аттуу поэзия кечеси өттү. Жолугушуу поэзия кечесине акын, журналист, юрист Жедигер Саалаев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Ысмайыл Кадыров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы, акын Кутмырза Жакыбалиев жана А. Осмонов атындагы […]

НМУнун окутуучулары Ат-Башынын «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунда

НМУнун окутуучулары Ат-Башынын «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунда

НМУнун агрардык-техникалык факультетинин маалыматтар технологиясы кафедрасынын окутуучулары Д.М.Ажыбаев, Г. К. Чекирова, М.К.Асыранбекова, М.М.Бекежанов, Э.Т.Ашыров Ат-Башы районундагы Ак Жар айылынын Жанаалы уулу Абдыракман атындагы орто мектепте болуп өткөн «Жылдын мыкты мугалими» конкурсуна калыстар катары катышышып, жеӊүүчүлөрдү аныктоого жардам көрсөтүштү. Конкурстун катышуучулары абдан жакшы даярдык менен келишкен: алар англис тили, математика, физика, кыргыз адабияты, дене тарбия предметтери боюнча 3-, 7-, 9- класстын окуучуларына ачык сабак […]

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!