Илимий китепканада Нарын облусунун китепканачылары үчүн экскурсия уюштурулду.

16−17-ноябрларында Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканада Нарын облусунун мектеп китепканачылары үчүн экскурсия уюштурулду. Экскурсияда аларга китепкананын ишмердүүлүгү, китепкананы автоматташтыруу боюнча кеңири түшүнүк берилди. Ошондой эле заман талабына ылайык, долбоор жазуу боюнча Илимий китепкананын директору Г. Кыдыралиева толук маалымат берди.

Ж.И.Саалаев атындагы илимий китепкана. Таланттуу акын, сатирик, драматург жана котормочу, чебер прозаик Мидин Алыбаевга -100 жыл

2017-жылы 10-ноябрьда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ж.И.Саалаев атындагы илимий китепкананын окуу залында «10-ноябрь Илим күнүнө карата жана Таланттуу акын, сатирик, драматург жана котормочу, чебер прозаик Мидин Алыбаевга -100 жыл» аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Бул конференцияга НМУнун окумуштуулары, меймандар, Читать далее …

«Өмүр коопсуздугу» лабораториясынын ачылышы болуп өттү.

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинде «Табигый илимдик билим берүү» кафедрасында 09.11.2017-ж. ДИПЕКО-9 проектинин алкагында түзүлгөн «Өмүр коопсуздугу» лабораториясынын ачылышы болуп өттү. НМУнун жааматы ДИПЕКО-9 проектине терең ыраазычылык билдирет. Лабораториянын ачылышы.

Педагогикалык илимий — изилдөө лабораториясы ачылды

2017- жылдын 9-ноябрында С. Нааматов атындагы НМУнун Билим берүунүн сапат менеджменти бөлүмүнүн базасында Педагогикалык илимий — изилдөө лабораториясынын ачылуу аземи болуп өттү. Бул иш чараны НМУнун ректору, профессор Дамира Кемеловна ачты. Иш чарага Ага Хан Фондунун Кыргызстандагы өкүлү Марк-Антуан Адамс, «MSDSP KG» Ага Хан Читать далее …