Билим сапатын камсыздоо башкармалыгы НМУнун өз алдынча түзүмдүк бөлүгү болуп саналат.
Башкармалыктын максаты -НМУдагы билим берүүнүн сапатын кардарлардын кызыкчылыгын эске алуу менен жакшыртууга көмөк көргөзүү.
БСК башкармалыгынын тарыхы 2009-жылдагы С. Нааматов атындагы НМУнун ректорунун буйругу менен Билим берүүнүн сапат менеджмент борбору болуп түзүлүүсүнөн башталат. Борбордун негизги милдеттеринин бири болуп билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында НМУнун профессордук- окутуучулук курамы жана Нарын областынын билим берүү мекемелеринин мугалимдери, тарбиячылары үчүн сапат менеджментинин принциптерин, методдорун ишке ашыруу үчүн лекцияларды, семинарларды, консультацияларды, конкурстарды, билимин өркүндөтүү курстарын уюштуруу болуп саналган.
2019-жылы аталган борбор Билим сапатын камсыздоо башкармалыгы болуп аталып, төмөнкү милдеттерди аткарып келет:
- университеттин билим берүү ишмердүүлүгүнүн сапатынын абалына туруктуу жана тутумдук байкоо жүргүзүү;
- университеттин түзүмдүк бөлүктөрүндө, бөлүмдөрүндө билим берүүнүн сапаттык көрсөткүчтөрүнө жана тартибине мониторинг жүргүзүү;
- университеттин тузумдүк бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн ички текшерүү жана өзүн-өзү баалоодон өткөрүү иш чараларын уюштуруу;
- университеттин билим берүү сапатын камсыз кылуу боюнча ишмердүүлүгү боюнча социалдык сурамжылоо жана изилдөө иштерин жүргүзүү;
- университеттин сапатты камсыз кылуу тармагында ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик актыларды иштеп чыгуу;
- билим берүү программаларын аккредитациядан өткөрүү иштерин даярдоо жана уюштуруу;
- эл аралык сапатты камсыз кылуу уюмдарынын тажрыйбаларын жана практикасын изилдөө жана колдонуу;
- профессордук-окутуучулук курамдын сапаттык көрсөткүчтөрүн, компетенттүүлүгүн баалоонун критерийлерин, механизмдерин иштеп чыгуу жана жайылтуу;
- студенттердин өз алдынча иштерин аткарууга жетишээрлик мотивациялык-уюштуруучулук эркиндикти берүү шарттарын түзүү;
- студенььердин өз алдынча башкаруу органдарын тартуу менен студенттерди билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу иштерине катыштыруу;
- -сапатты камсыз кылуу тармагында эл аралык кызматташтыкты өркөндөтүү.