


2026-жыдын 11-апрелинде Нарын шаарында М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында «Дүйнө элдеринин достугу» аттуу беш мамлекеттин катышуусундагы искусство багытындагы эл аралык конкурс болуп өттү. Анда 600 дөн ашык конкурсанттар катышып, искусствонун ар кыл жанрлары боюнча ат салышты. Анда С.Нааматов Нарын Мамлекеттик Университети С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин доцентинин м.а. КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Жолдошбек Мамбеталиев Тезекбаевич жетектеп барган көркөм билим берүү адистигинин студенттери: Жумабекова Нурайым 3-орунду; Эдилбек кызы Гүлзуура 2-орунду; Ырыскелди уулу Илгис 1-орунду ээледи. Ошондой эле жетекчиси Ж. Мамбеталиев 1-орунга ээ болуп, диплом жана медаль менен сыйланып кайтышты. Сыйлык ээлерин куттуктайбыз!