



Кыргызстанда 8-апрель 2026-жылы мамлекеттик статистика органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата биринчи жолу студенттер арасында республикалык статистика олимпиадасы болуп өттү.
Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов белгилегендей, олимпиада өлкөнүн бардык аймактарынан келген студенттердин башын бириктирип, аналитикалык билим берүүнү өнүктүрүүгө, статистикага болгон кызыгууну арттырууга жана таланттуу жаштарды аныктоого багытталган.
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Экономика жана табигый гуманитардык илимдер факультетинин, Экономика, туризм жана башкаруу кафедрасынын студенттери Мелисбеков Тынчтык, Абдылдаева Назима жана Оболбек кызы Жаннат катышышты. Жетекчиси Экономика, туризм жана башкаруу кафедрасынын ага окутуучусу Ырыскелдиева Айзат Карыпбаевна.
Биринчи турга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан 25 студенттик команда катышып, алардын ичинен 11 команда финалга жолдомо алган.
Биздин студенттер 2-турга өтүп, чыгармачылык презентация жана статистикалык изилдөө жүргүзүү тапшырмаларын көргөзүштү.
Жыйынтыгында команда «Оригиналдуу ой жүгүртүү» номинациясына ээ болуп, шопер, флешка, планшет менен сыйланышты.