
2026-жылдын 10-мартында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети тарабынан «Ачык эшиктер күнү» иш-чарасынын алкагында «Университет — Иш берүүчү: кызматташтык жана сапат» аттуу форум уюштурулду.
Форумга Нарын шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ишканалардын жетекчилери, банк кызматкерлери, жалпы билим берүү мектептеринин директорлору, ошондой эле башка социалдык өнөктөштөр катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы байланышты чыңдоо, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо, студенттерди өндүрүштүк практикага тартуу жана бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуу маселелери талкууланды. Катышуучулар университет менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдиришип, келечектеги биргелешкен иштердин негизги багыттарын белгилешти.
Форум билим берүү мекемелери менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара байланышты бекемдеп, жаш адистерди сапаттуу даярдоого жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик жолун туура тандоосуна өбөлгө түзөрү белгиленди.




