

23-февраль С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Чет тилдер жана компьютердик системаларды программалоо колледжи менен Маргилан туризм жана маданий мурас техникуму (Өзбекстан Республикасы) ортосунда академиялык кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Сүйлөшүүлөрдүн максаты — туризм, сервис жана IT тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү программаларын өркүндөтүү жана студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу болуп саналат.
Алдыдагы мезгилде сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүк, тажрыйба алмашуу программалары, мастер-класстар жана практикалык сабактар уюштурулуусу күтүлүүдө.
Келечекте эки тарап биргелешкен инновациялык долбоорлорду, санариптик билим берүү программаларын жана жаңы окутуу методдорун ишке ашырууну пландап жатышат.
Бул кызматташтык эки окуу жайдын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө, университеттер аралык тажрыйба алмашууну тереңдетүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана студенттер менен окутуучулардын кесиптик потенциалын кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөт.
Чет тилдер жана компьютердик системаларды программалоо колледжи — Эл аралык бөлүм.
