


1-декабрь 2025-жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо колледжинин студенттери үчүн GREENKG «Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жашыл жана санарип университеттер» долбоорунун алкагында Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) тренинги өттү! 💻🌿
Студенттер экологиялык жана санариптик билимдерин жогорулатуу менен БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) тууралуу кеңири маалымат алышты. Тренингдин катышуучулары квиздер жана интерактивдүү тапшырмалар аркылуу билимдерин практикада текшерип, санариптик технологиялар Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө кантип жардам бере ала турганын талкуулашты. Жашыл жана санарип университеттер концепциясы менен таанышып, экология жана туруктуу өнүгүү боюнча өзүлөрүнүн ойлорун жана идеяларын активдүү бөлүшүштү.
Иш-чара студенттердин ойлонуусун кеңейтип, келечекте Кыргызстанда туруктуу билим берүү системаларын өнүктүрүүгө кызыгуусун арттырды.
On December 1, 2025, a Sustainable Development Goals (SDGs) training was held for the students of the College of Foreign Languages and Computer Systems Programming at Naryn State University named after S. Naamatov, within the framework of the GREENKG project: «Green and Digital Universities for Sustainable Development in Kyrgyzstan» 💻🌿
Students gained comprehensive knowledge about the UN Sustainable Development Goals (SDGs) while enhancing their ecological and digital literacy. Through quizzes and interactive tasks, participants applied their knowledge in practice and discussed how digital technologies can help achieve the Sustainable Development Goals. They became familiar with the concept of green and digital universities and actively shared their thoughts and ideas on ecology and sustainable development.
The event broadened students' perspectives and increased their interest in developing sustainable education systems in Kyrgyzstan in the future.


Добавить комментарий