





63 жаш курагында да чоң максаттарга жетүүгө болорун далилдеп жаткан мекендешибиз — Шааева Толгонай Нурпайысовна
Ал АКШдагы Массачусетс штатында, Бостон шаарында өткөн 130-марафонунда 42.195 км аралыкты 3 саат 36 минутада чуркап өттү, 60−64 жаш категориясында 782 катышуучунун арасында 47-орунда келди, эн мыкты жыйынтык!
Бул — жөн гана жарыш эмес, бул чыдамкайлыктын, эрктин жана күчтүү духтун символу.
Толгонай эже Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылынын кулуну. Анын бул жетишкендиги — ар бир кыргызстандык үчүн сыймык, ар бир аял үчүн дем-күч!
Жаш курак тоскоолдук эмес, эң негизгиси — ниет жана аракет экенин дагы бир жолу көрсөттү. Сиз менен сыймыктанабыз!
Сиздин ийгилигинизди чын жүрөктөн куттуктайбыз!