


Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Улуттук нарк» жана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужол Жарлыктарын ишке ашыруу максатында, Нооруз майрамына карата С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасы тарабынан «Сармерден — 2026» кыз-жигиттер айтышы жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.
Аталган маданий иш-чарага Экономика жана табигый-гуманитардык илимдер факультетинин уландары жана Филология факультетинин кыздары катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Таймаштын негизги максаты — улуттук баалуулуктарды сактоо, даңазалоо жана студент жаштарды маданий-руханий жактан тарбиялоо болуп саналат.
Иш-чара белгиленген жобого ылайык бир нече этаптан туруп, катышуучулар саламдашуу, тамашалуу ырлар, элдик ырларды аткаруу, макал-лакап айтышуу, жаңылмач айтуу, акыйнек айтышуу жана кыргыз элинин каада-салттарын сахналаштыруу боюнча күч сынашты. Таймаш жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.
Калыстар тобунун курамында:
— Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын актрисасы, Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген артисти» Көгөева Саадат Ажыкеевна;
— «Алтын балалык» жаш таланттарды колдоо борборунун жана «Ай санат» бий тобунун жетекчиси, педагог-хореограф Акматалиева Анара Мукушовна;
— нарын арйондук маданият бөлүмүнүн башчасы Нууева Ждумагүл болушуп, таймашка калыс баа беришти.
Жыйынтыгында 127 упай менен Экономика жана табигый-гуманитардык илимдер факультетинин уландары 1-орунду багындырышты. Филология факультетинин кыздары да татыктуу оюн көрсөтүп, өз өнөрлөрүн тартуулодо кем калышпай 126 упай топтоду. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылып, бардык катышуучуларга ыраазычылык каттар ыйгарылды. Ошондой эле илимий китепкана тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар берилди.
Кийинки кезек окутуучулук-профессордук курамга, тактап айтсак Агрардык техникалык-экономикалык колледжине жана Чет тил жана компьютердик системаларды программалоо колледжине өткөрүлүп берилди.
«Сармерден — 2026» маданий иш-чарасы улуттук каада-салттарды жайылтууга, жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана алардын руханий дүйнөсүн байытууга өзгөчө салым кошту.
Урматтуу окурмандар жана окуу жайдын жалпы жамааты! Сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жаңырган жаз менен кошо ар бириңиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайбыз!
Урматтоо менен,
Ж. Саалаев атындагы илимий китепкананын жамааты.
