2026- жылдын 13-мартында НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасында КРнын телевидениесинин отличниги, Маданияттын мыкты кызматкери, КРнын журналисттер союзунун мүчөсү Рахманов Кулчун Баратбаевичтин «Түркүн тагдырлар» аталышындагы китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

Бул китепке өткөн кылымдын 1929−1932-жылдардагы эл башында туруп, көмөгүн көрсөтүп, жокторун бар кылып, ак эмгегин өтөгөн Ат-Башы районунун Май айылынан чыккан Кулчун Өмүраалы уулу тууралуу сөз болот. Ошол жылдарда ак жеринен караланып, эл душманы аталып, кийин кызылдар менен болгон кармашта элин сактап Кытайга ашырып, өзү акка моюн сунганы тууралуу жазылган эмгек экенин НМУнун окутуучусу Э.А. Саргашкаев студенттерге, окутуучуларга жана иш чарага чакырылган Кулчун Өмүраалы уулунун урпактарына кеңири токтолду. Автор китептин жаралышы тууралуу айтып, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Педагогика факультетинин деканы Г. Эсеналиева да ошол отузунчу жылдардагы оор тагдырларга кабылыгандардын карт тарых тастыктап отурганы жөнүндө маалымат берип өттү. Иш-чарага келген коноктордун ар бирине сөз берилип авторго ыраазычылык билдирип, өз ойлору менен бөлүшүштү. Илимий китепкананын директору Г. Кыдыралиева да сөз сүйлөп, студенттерди китеп окууга чакырды.

Иш-чаранын аягында автор К. Рахманов уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирип китебин илимий китепканага белекке берди.